// //

Эки кайын инимдин кылган жакшылыгын эч качан унутпайм

2021.09.21, 16:38
6834

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Жеңе, биз турганда эмне ыйлайсыз!" 

Үч баламды кучактап тура бердим. Ишенген жокмун. Калп айткым келбейт. Кайын энем мени жактырбайт. Бир сумкамды колума карматып кууп чыгары билинип турган иш. Кайда барам?

Эки кайын иним сөзүнө турду. "Апамдын сөздөрүнө маани бербеңиз. Эртең эле балдарыңыз чоңойгондо өзү келет. Ал ошондой адам, капа болбоңуз. Байкемди жоктотпойбуз."

Экөө мени көчүргөнү алып баратышкан. Жакшы батир ижарага алышыптыр. Демек, бара турган жер таптым.

Күн сайын чалып акыбалымды сурашат. Жумуштарынан эрте чыгып калышса, үйгө келип балдар менен ойношот. Алар келсе балдарым атасын сурабай калат. Жыргашат. Байкелерин аябай жакшы көрөт. Ыраазы болом.

Экөө тең жаш. Тапкандарын баарын мага берип жатканын билем. Балдарымды бала бакчага берип, акыры жумушка орноштум. Экөөнүн мойнунда отура бергенден уяла баштадым. 

"Жеңе, жумуш таптыңызбы. Сонун болгон экен. Мына, бул акчага үстүңүздү жаңыртып алыңыз." Кечээ эле эмне кийип барам деп өңү өчкөн юбкамды кармап отурдум эле. Айттырбай, түшүнгөндөрүн. 

Жашоо мени жакшы эле кыйнады. Балдар чоңойду. Кайын инилерим үйлөндү. Билесиңерби, азыркыга чейин катташып турабыз. Үйлөрүнө чакырып, улуу байкебиздин аялы деп сыйлап турушат. Колдоочуларым дагы ошол экөө. 

Кайын энем дагы эле ошол бойдон. Неберелерине кошуп мени көргүсү жок. А биз ага маани бербейбиз. Эртеби-кечпи жашоо баарын ордуна коет. Бизде баары жакшы. 

Айтарым, эки кайын иниме өмүр бою ыраазымын. Алар болбосо, балким, көбүрөөк кыйналмакмын. Күйөөмдүн жогун сездиртпей, балдарымды өксүтпөй жаныбызда болушту. Экөөнүн ден соолугун тилейм.

Жеңеңер силерге ыраазы...

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт