// //

Таарынычы тоодой адамдын ден соолугу начарлайт. Таарыныч тууралуу

2021.09.21, 13:17
3186

Психолог Карлыгаш Акимкулова Bilesinbi.kg’ге таарынуу сезими, анын кесепеттери жана кантип жеңүү керектигин айтып берди.

Таарыныч деген эмне?

Таарыныч – бул кадимки эле сезим. Биз аны бала кезибизде көп жолу башыбыздан өткөрөбүз. Апабыз биз талап кылганды аткарбаса, же көңул бурбай койсо, бир туугандарыбыз оюнчуктарыбызды тартып алса. Ата-энебиз бизди урушканда эмне үчүн урушуп жатканын түшүнбөй туруп деле таарына берчүбүз.

Бирок, убакыттын өтүшү менен эс тартып, бул сезимди контролго алып калабыз. Майда нерселерге көңүл бурбай, айрым көрүнүштөргө таарынуунун зарылчылыгы жок экенин түшүнө баштайбыз.

Кичине балдар жана карылар көбүрөөк таарынат

Ал эми бала кезинде көбүрөөк таарынгандар бул сезимин чоңойгондо да жанына ала жүрөт. Алар тарынууну адат кылып алышат. Мисалы, жолдошуң, же жигитиң 8-март майрамы менен куттуктабай калды дейли. Таарынчак айым таарынып, сүйлөбөй коет. Алардын позициясы: мен таарындым, демек сен күнөөлүүсүң. Менден кечирим сурап, маанайымды көтөр.

Бирок, бул кенедей баланын реакциясы да туурабы? Бала таарынганда же ыйлаганда биз аны сооротуп, көңүлүн алганга шашылабыз.

Кары кишилер да бала сыяктуу. Алар да кичине балдарга окшоп көңүл бөлүүнү, алар менен кошо убакыт өткөрүүнү, алар айтканды аткарууну талап кылышат. Жасабай койсоң, таарынышат.

Таарынуунун кесепеттери

Таарынычтар ортодогу мамилени бузат. Таарынычтын айынан жашоонун жыргалы байкалбай калат. Жыйынтыгында, манипуляция, шантаж, калп айтууга алып келет. Себеби, чындыкты кабыл ала албаган адамга калп айтууга аргасыз болосуң.

Таарынычы тоодой адамдын ден соолугу начарлайт. Оорунун бары нервтен дегенди уксаңар керек? Анын айынан жашоого болгон нааразычылык пайда болуп, дүйнөдөгү түркүн-түстүү, жагымдуу, маанайды көтөрүүчү нерселерди байкабай каласың.

Эмне кылуу керек?

Эгер кимдир бирөөгө таарынып жатсаңар, ал киши менен ачык сүйлөшүп, көйгөйдү чечкен оң. Айырмасы жок, ата-энеңе таарынасыңарбы, бир туугандарыңа, балдарыңа, жубайыңа, досторуңа. Таарынычты үстү-үстүнө чогултуп, коллекция жасоонун зарылчылыгы жок. Ачык айтсаңар жеңилдей түшөсүңөр. Таарыныч айтылгандан кийин, ситуацияны талкуулап, чечишип алса болот.

Убакытты баалагыла

Таарыныч өтө көп убакытты жана күч-кубатты талап кылат. Бир нерсени кечке ойлой берип, өзүңөрдү жей берип, алыңар кетет. Ошого убакыт короткончо, жакшы ойлорду ойлоп, кыялдангыла. Күнүңөрдүн ар бир мүнөтүн жигердүү, жемиштүү, жагымдуу өткөргөнгө умтулгула.

Акылдуу адамдар таарынчак эмес, бул чындык!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт