// //

Кан группам терс болуп эки балам чарчап калды. Кийинкисин төрөсөм болобу?

2021.09.17, 10:22
1321

Менин каным “отрицательный”, күйөөмдүкү “положительный”. Боюмда болгондо резус конфликт болот. Бир балам жакшы төрөлдү. Экинчиси 24 күндөн кийин чарчап калды. Үчүнчү балам 24 жумалык болгондо “титры антитела” тапшыргам. Бирок төрөгөндөн кийин чарчап калды. Бир дагы “резонатив укол” алган жокмун. Тоодо жашаганым үчүн учетко турган жерде эч нерсе билишпейт. Эми төртүнчү баламды кантип төрөйм. Төрөсөм болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2021, 10:23

Айпери Соурбекова 

Гинеколог-эндокринолог 

Биринчи балаңызды төрөгөндөн кийин кийинки балдарга зыян болбошу үчүн кан группаңызды билип, “резонатив укол” алышыңыз керек болчу. 

Ошол үчүн бардык айымдарга эскертүү, өзгөчө жаңы турмушка чыгып жаткан кыздар, бала пландоодо ар бирибиз кан группабызды билишибиз керек. Көпчүлүк айымдар резус оң же терс экенин билишпейт. Ошондуктан муну сөзсүз билип жүрүңүздөр. 

Учетко алган жер сиз тууралуу билип, төрөгөндөн кийин 72 сааттын ичинде укол сайыш керек болчу. 

Төртүнчүсүн пландаганда сөзсүз түрдө гинеколог врачка учетко туруңуз. Жакшы дарыгердин көзөмөлү менен аман-эсен төрөсөңүз болот. 

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт