Кан группам терс болуп эки балам чарчап калды. Кийинкисин төрөсөм болобу?
Менин каным “отрицательный”, күйөөмдүкү “положительный”. Боюмда болгондо резус конфликт болот. Бир балам жакшы төрөлдү. Экинчиси 24 күндөн кийин чарчап калды. Үчүнчү балам 24 жумалык болгондо “титры антитела” тапшыргам. Бирок төрөгөндөн кийин чарчап калды. Бир дагы “резонатив укол” алган жокмун. Тоодо жашаганым үчүн учетко турган жерде эч нерсе билишпейт. Эми төртүнчү баламды кантип төрөйм. Төрөсөм болобу?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Биринчи балаңызды төрөгөндөн кийин кийинки балдарга зыян болбошу үчүн кан группаңызды билип, “резонатив укол” алышыңыз керек болчу.
Ошол үчүн бардык айымдарга эскертүү, өзгөчө жаңы турмушка чыгып жаткан кыздар, бала пландоодо ар бирибиз кан группабызды билишибиз керек. Көпчүлүк айымдар резус оң же терс экенин билишпейт. Ошондуктан муну сөзсүз билип жүрүңүздөр.
Учетко алган жер сиз тууралуу билип, төрөгөндөн кийин 72 сааттын ичинде укол сайыш керек болчу.
Төртүнчүсүн пландаганда сөзсүз түрдө гинеколог врачка учетко туруңуз. Жакшы дарыгердин көзөмөлү менен аман-эсен төрөсөңүз болот.
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы @doctor_sourbekova_gynekologist баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.