// //

Тамеки чегүү арыктоого жардам берет деген чынбы? Адис жооп берет

2019.02.13, 14:27
1783

Республикалык наркология борборунун жашы жетелектерге медико-психологиялык жардам берүү борборунун адиси Лариса Иванова Bilesinbi.kg’нин окурманынын суроосуна жооп берди.

Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын. Эки классташ кызым тамеки чегишчү. Байкасам аларга дагы 4 кыз кошулуп алыптыр. Ден соолукка зыян экенин айтсам, "биз арыктайлы деп жатабыз", - деп жооп беришти. 

Кымбаттуум, тамеки гана эмес, алкоголдук ичимдиктер да арыктатат. Себеби психоактивдүү заттарга (никотин, этанол) көз каранды болгон адамдар үчүн тамактануудан мурун, зыяндуу заттардын дозасын алуу маанилүү. 

Адамдын зат алмашуу процесси пайдалуу заттардан турат. Тамеки тарта баштагандан кийин, мисалы, С витамининин ордун никотин ээлеп, организм С витаминин кабыл албай, никотинге эле көз каранды болуп калат. Жыйынтыгында, чылым чеккен адам нормалдуу азыктардан баш тартып, арыктап, өмүр бою психоактивдүү заттарды колдонууга мажбур болот.

Арыктоонун бир гана формуласы бар - спорт, туура тамактануу!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт