Тогуз жаштагы балам дааратканага баргандан уялат. Эмне кылышыбыз керек?
Саламатсызбы! Мага психологдон кеңеш алып бериңиздерчи. Тогуз жаштагы балам дааратканага баргандан уялат, кызганат барынан. Ич кийимин булгап салат. Эмне кылышыбыз керек?
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман. Суурооңуз көптөгөн ата-энелер үчүн актуалдуу болуп эсептелинет. Суроого кыскача жооп берүүгө аракет кылайын.
Бул маселенин эки себеби болушу мүмкүн.
Ата-эненин балага болгон мамилеси аябай каттуу, коркутуу формасында же болбосо үй-бүлөдө афторитеттүү кишини болушу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн андан коркуусу. Натыйжада баланын булчуңдары жыйрылып (напряжннно) өзүн эркин (расслабленно) сезе албайт. Бул маселе кээбир балдарда гана байкалат. Себеби баланын физикалык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүндө.
Бул учурда эмне кылуу керек? Эң биринчиден балаңыз менен ишеничтүү (здоровое) мамиле куруңуз. Аны көбүрөөк мактап, каталарын түшүндүрүү жолу менен оңдонуз. Андан сырткары үй-бүлөдөгү атмосфера да жагымдуу болушу шарт.
Экинчиден балаңыз менен бул темада сүйлөшүү жүргүзүңүз. Эгер 9 жашта болсо, өзү да бул меселеден уялып жатса керек. Анын да ойлорун угуп, колдоо көрсөткөнгө аракет кылыңыз.
Ийгилик сизге!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.