// //

Кечинде акырын эшикти ачып келип уктамай. Мигранттын каты

2021.09.15, 19:45
2633

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет мигрант окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Москвага келген күнү эле моюнума кандайдыр бир жүк  иленгенин сездим.

Квартирадагы достор, эжелер эртең менен туруп эле жумушка жөнөйбүз. Кечинде акырын эшикти ачып келип уктамай. Мунун барын угуп, билип жүрсөм деле өз көзүң менен көрүп, жашаган башкача экен.

Көчөдөн ар бир мекендешимди көрсөм жанына барып сүйлөшкүм келет. Кымбат кийим кийип, машина айдап алса ичимден “азаматсың” деп сүйүнүп коём. 

Бир аз жүдөгөн тууганыбызды көрсөм кыжаалат болом. "Каякта иштейт, кантип жан багат экен? Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багам деп жүрсө керек" -деп өзүмө жооп берип коём.

Москва чоң болгону менен, мага тар сезилди. Кайдадыр шашкан адамдар, машиналар, зуулдаган метродогу үн-сөзү жок эл. 

Таксиге жумушка кирдим. Машинанды койгонго жер таппайсың. Беш мүнөт жолго койсоң камера тартып кетет.

Бул жактагы ар бир жердешим өз жашоосу үчүн күрөшөөрүн байкадым. Бир чети кубандырса, бир чети өкүндүрөт. Өзүңдүң элиңде жашап, иштегенге не жетсин.

Сүйлөшүп олтурсаң КРга үйлөнсөм кетем, үй бүтсө кетем, кредит бүтсө кетем, качан кетээрим белгисиз дегендер. 

Жумуштан чарчап келе жатып (таксистер түшүнөт) ушунчалык курсагым ачты, үйгө барып эмне жейм? Өз үйүмдө жүргөндө жумуштан келээрим менен суюк тамак болсо да жасап, күлүп жайнап күтүп алган апам бул батиримде жок экенин эстедим. Көз жаш тегерене түштү. 

Кайра кетип калгым келди. Өзүмө өзүм  "кой иштейин, билетимдин акчасын да актай элекмин, кайра баргарда эмне жумуш кылам, эл эмне дейт, досторумчу?"- деген ойлор келет. 

Көп жылдан бери элине барбай жүргөн мигранттарды түшүндүм. 

Бир жолу тамак ичкен үйгө жүз жолу салам айт дегендей, Москваны жаман деген ойдон алысмын. Жакшы жактары аябай көп, ушунча элди батырып иш менен камсыз кылганы жакшы. Болгону жаңы мигрант болуп келген карапайым кыргыздын баласындагы ойлор.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт