// //

Балаңызда бул белгилер байкалса, башка мектепке которуу тууралуу ойлонуңуз

2021.09.13, 12:36
1545

Ата-энелер балдарынын мектептеги көйгөйлөрүнө олуттуу карай беришпейт. Баягы эле эркелиги, жалкоолугу деп ойлошот. Бул материалдан бала мектепте кыйналып жатканын кантип билсе болоорун табасыз. Бир нерсе эсиңизде болсун, балдар азап тартып жатканын айтпайт.

Эгер балаңызда бул белгилер байкалса, аны башка мектепке которуу тууралуу ойлоно баштаңыз.

  1. Мектептен балаңызды шылдыңдашат

Башка мектепке которуунун биринчи себеби – кугунтуктоо. Балаңыз бул туурасында эч нерсе айтпашы мүмкүн, бирок, мектепке жөнөп жатканда ыйлайт, көңүлү чөгөт. Ал эми дем алыш жана майрам күндөрү өзүн кадыресе сезет. Денесиндеги түшүнүксүз жаракаттар, буюмдарынын жоголушу же айрылып калышы – коңгуроо кагууга жүйөөлүү себеп.

Изилдөөчүлөр куугунтуктоону мугалим баштап жана колдоорун айтышат. Эгер мугалимин алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, анда мектепти өзгөртүү керек.

  1. Сабактар кыйын, түшүнбөйт

Мектеп менен баланын деңгээли тең келбесе дагы мектепти өзгөртүү керек. Сабактар балага кызыксыз же өтө эле кыйын болушу мүмкүн. Балаңызды көз карандысыз тестирлөөдөн өткөрүп, билим деңгээлине жараша мектепке бергениңиз туура. Көпчүлүк ата-энелер, балдары каалабаса дагы күчтүү мектепке тыгып салышат. Бала өз деңгээлине туура келбеген мектепте дайыма стресс абалында жүрөт. 

  1. Тескерисинче, сабактары өтө эле жеңил

Мектептен бала үчүн баары оңой болсо, ал бат-баттан даттанып, көңүлсүз болуп жатканын айта берет. Эгерде аны башка мектепке которсоңуз, беш алган сабактардан төрт алып башташы мүмкүн. Бирок, балаңызга бул жагат, сабактар мурдагыдай оңой эмес.

Эгерде балаңыз башка мектепке  которулгусу келбесе, кошумча сабак, курстарга жаздырып койсоңуз болот.

  1. Мектеп үйдөн өтө алыс жайгашкан

"Жол азабы - көр азабы"  деп бекеринен айтылбаса керек. Мектеби алыста жайгашкан бала, күн бою жолдо жүрөт, классташтары менен убакыт өткөрө албайт, чарчайт. Нормада мындай болушу керек: бала мектепке өзү басып барат, мектептен кийин классташтары менен ойнойт, аларды үйүнө чакырат, конокко барат. Ушундай болсо гана бала өсөт, өнүгөт.

Балдар жөө басышы керек, унааларда жүрүү алар үчүн мүшкүлдүү иш.

  1. Балдарга окутуу стили туура келбейт

Ата-эне мектепке кызыкдар эмес, балада көйгөйлөр бар, мугалим бул жөнүндө тезинен билдирип, мектепти өзгөртүү үчүн өзүнүн сунушун киргизсе болот. Ар бир окуу жайдын өзүнүн стили бар, балага туура келген мектеп издеңиз.

Эсиңизде болсун, мектеп – биринчи кезекте бала үчүн кызыктуу жана коопсуз болушу керек. Бала дайыма стресс абалында жана маанайсыз болсо, алган баалары маанилүү эмес. Мугалимдер менен сүйлөшүп баланы сурап туруудан коркпогула.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт