// //

Коронавирус жуктурган эне эмизсе болобу? Гинеколог айтып берет

2021.09.09, 10:20
1677

Bilesinbi.kg акушер-гинекологдор ассоциациясынын төрагасы Арсен Аскеров менен маектешип, коронавирус менен кош бойлуулукка байланышкан мифтерди жокко чыгарды.

1-МИФ. КОРОНАВИРУС КОШ БОЙЛУУЛАРГА ЖУКПАЙТ

Коронавирус баарына, анын ичинде кош бойлуу аялдарга дагы жугат. Кош бойлуу аялдардын басымдуу көпчүлүгү жеңил, калгандары оор түрү  менен жабыркашат. Өзгөчө коронавирустун өнөкөт оорулары бар аялдар үчүн олуттуу коркунучу бар. Мисалы, ашыкча салмак менен жабыркаган, кант диабети, гипертония жана кош бойлуулуктун жүрүшүнө да, коронавирустук инфекциянын жүрүшүнө да таасир эткен башка оорулар менен ооругандар.

Коронавирус түйүлдүккө, кош бойлуулуктун өтүшүнө таасир берет. Алсак, кош бойлуу айым катуу жана вирустун оор формасы менен ооруганда түйүлдүк чарчап калат, ара төрөлөт же бойдон түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, оорунун белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

2-МИФ. КОШ БОЙЛУУ АЙЫМ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ВАКЦИНА АЛСА БОЛБОЙТ

Жакшысы кош бойлуулукка чейин даярданып, вакцина алып, балалуу болууну пландоо керек. Эгер кош бойлуулук жакшы өтүп жатса, айымдын өнөкөт оорулары жана түйүлдүктө кандайдыр бир коркунучтар жок болсо анда вакцина албай эле койсо болот. Бирок, айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдарга эгер түйүлдүк 12 жумадан ашса, вакцина алууга көрсөтмөлөр бар болсо (ашыкча салмак, кан басым ж.б), аны сая берүүнү карап жатышат.

3-МИФ. КОРОНАВИРУС ЭНЕ АРКЫЛУУ ТҮЙҮЛДҮКТӨ ЖАТКАН БАЛАГА ЖУГАТ

Азыркы учурда коронавирус эне аркылуу түйүлдүктөгү балага жукпайт деп айтылат. Эгерде кош бойлуу аялда коронавирустук инфекция бар экени тастыкталса, анда дарыгер сактык чараларын айтып берет. Аны сөзсүз сакташы керек.

4-МИФ. КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАН ЭНЕ ЭМИЗСЕ БОЛБОЙТ

Эмчек эмизсе болот, анткени эмчектин сүтү аркылуу коронавирустун жугушу боюнча эч кандай далил жок. Бирок, эмизээрде алдын алуу чараларын көрүү керек. Мисалы, ымыркай менен байланышта болор алдын колду самындап жуу, маска кийүү дегендей. Эгер эненин абалы оор болсо, санитардык эрежелерди сактоо менен сүттү саап бериши керек.

5-МИФ. КОРОНАВИРУС КОШ БОЙЛУУ АЙЫМ ҮЧҮН ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ

Эч качан коркуп, паникага алдырбоо керек. Жакшы тамактанып, көп кыймылдап, адистин кеңештерин аткаруу зарыл. Коркунучтуу белгилер пайда болсо дароо бейтапканага көрүнүү зарыл: сийдик азаюу, кан басым көтөрүлүү, өтө шишип кетүү, температура, баланын кыймылынын начарлоосу, кусуу ж.б.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт