Күйөөм алимент төлөбөш үчүн 13 жылдан бери ЗАГСты кырктырбай келет. Эмне кылсам?
Күйөөм менен ажырашканыма 13 жыл болду. Кызым өзүмдө, азыр 13 жашта. Өзүм чоңойтуп келатам. Күйөөм менен ЗАГС кыркыла элек. Атасы үч балалуу болду, аялы бар. Кырктыралы десем баш тартып, алимент төлөбөйм деп жатат. Ушул убакка чейин айтып келе жатам. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиз никени бузуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Күйөөңүз макул болбосо дагы, сот соттук тартипте аныктап, 13 жылдан бери чогуу жашабай жатканыңарды эске алып ажыраштыруу чечимин чыгарып коет. Мындай учурлар көп кездешет.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинин негизинде "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Демек, сиз кызыңыздын атасынын алимент алууга толук укуктуусуз.
Бирок, алимент сиз сотко арыз менен кайрылган күндөн баштап эсептелинет. Анткени жогорудагы Үй-бүлө Кодексинин 112-беренесинин 2-бөлүгүндө "Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет" деп көрсөтүлгөн.
Ажырашууга доо арыз берип жатканда, алимент өндүрүү арызын дагы бере кетсеңиз болот. Өзүңүз жашаган аймактагы сотко кайрылыңыз.