// //

Кайын энем мен жууган кирлердин баарын чогултуп кайра жууп жатыптыр

2021.09.02, 16:23
4889
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
 

Ал күндү азыр жылмаюу менен эстейбиз. Өзгөчө мен кара ойлоруман бирде уялам, бирде күлөм. Бирок, өткөндү сабак кылып кабыл алыш керек. Анда эмесе кеп башынан болсун.

Күйөөмдүн чоң атасы каза болуп калды. Айылда бир айдай жүрдүк. Үйгө келип эч кимибиз бири-бирибизди карабастан, уйкуга кеттик.

Түшкө жакын ойгондук. Кайын энем тамак жасаганы жөнөдү. Мен үйлөрдү жыйнап, кирлерди машинага салдым. Алып чыгып жайып коюп, тамактанып, кайра уйкуга кеттик. 

Кечке маал ойгондум. Терезеге келип, сыртка көз чаптырдым. Кайын энем мен жууган кирлердин баарын чогултуп, кайра машинага салып жатыптыр. Кызык, эмне болду экен? Дароо уйкум ачылды. Кайын энем бейкапар кирлерди жыттап дагы коет. Ачуум келди. Жаңы келгениме аз эле болгон. Кылган ишимди жактырбай жатабы деп ойлодум. 

Кайын энем эч нерсе болбогондой жүрөт. Чайга көңүлсүз отурдум. Мени карап коет. 

- Кызым, катуу чарчаган окшойсуң, э...

- Андай деле эмес, уктап эс алып калдым.

- Жок чарчапсың (күлүп).

- Эмнеге антип ойлодуңуз. 

- Кирге порошок салбай, анын ордуна хлор салып коюпсуң, кызым (күлүп).

Каткырдык. Экөөбүз күлүп жатсак, кайын атам чуркап келе калды. Эмне болгонун айтсак, ал дагы күлдү. Кийимдердин көбү жараксыз болуп калыптыр. Бирок, эч ким эч нерсе дебеди. Кайра тамашалашып жатышты.

Бул кичинекей окуя мага чоң сабак болду. Ачык сурап, ачык сүйлөшкөндү үйрөттү. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт