Күйөөм биринчи сүйгөнүн унута албай жатыптыр. Эмне кылсам болот?

2021.09.02, 14:47
844

Саламатсызбы! Мага психологиялык жактан кеңеш керек болуп жатат. Азыр алты айлык боюмда бар, күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 1,5 жыл болду. Бир жарым жылдан бери үч жолу алдады. Мага чейин бир кызды жакшы көрчү экен, эмнеге экенин билбейм, ага эмес мага үйлөндү. Бойдок кезде мени менен да, аны менен да сүйлөшчү экен. Мен аны билгенден кийин кечирим сурап "кайра кайталабайм" деген, бирок ошондон бери эки жолу кайталады. Азыр сырт жакта, ойлоно берип жинди болуп кеттим. Ал кызды дагы деле жакшы көрөт экен, унута албай жатыптыр. Балам үчүн унчукпай жашап келе жатам же күйөөмдөн кетип өзүм тирилик кылсамбы? Сырта болгону менен акча салбайт, иштебейт. Балам төрөлгөнчө иштеп өзүмдү-өзүм карап кетсемби дейм. Ойлоно берип кыйналып кеттим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2021, 10:24

Асель Баимбетова 

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Күйөөңүз башынан эле бир убакта эки кыз менен мамиле түзүп келген экен. Сиз бул тууралуу жакында билдиңиз, албетте бул абдан оор, көңүл калуулар болот. Бирок, азыр сизде тандоо бар экенин унутпаңыз. Балким күйөөңүз өзгөрбөйт, ошентсе да аны менен ачык сүйлөшүп көрсөңүз болот. Андан кийин мындай күйөө менен жашоону улантасызбы же жокпу өзүңүз чечесиз. Эгер бул нерсени кабыл албасаңыз, анда ажырашасыз. Бул сиздин тандоо болот. Жакшылап ойлонуп, күйөөңүз менен ачык сүйлөшүп, анан бир чечимге келиңиз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт