// //

Убагында ата-энем күйөөгө бербей койгон, эми кыйнап жатышат. Эмне кылсам болот?

2021.09.02, 14:24
1680

Саламатсызбы! Жашым 26да. Кесибим врач-терапевт. Сөздү эмнеден баштарымды деле билбей турам. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын, эки иним бар. Ата-энем күндө "турмушка чыкпайсыңбы", "жашың өтүп жатат" деп тынчтык беришпей жатат. Акыркы күндөрү ушул тема сөз болгондо эле апам ыйлачу болду, мени кыйнап. Мен деле турмушка чыгып, бир үйдү гүлдөтүп келин болуп, бала чакалуу болгум келип жатат. Бирок көнүлүмө жаккан бирөө чыкпай жатпайбы. Студент убагымда турмуш куралы деген көңүлүмө жаккан балдар болгон, бирок ата-энем "окушуң керек", "сени окусун деп шаарга жөнөткөнбүз", "күйөө жөнүндө сага ойлонгонго эрте" деп көнүшкөн эмес. Азыр эми мени "турмушка чык" деп кыйнашууда. Сиздерден жардам сурайм, эмне кылышты билбей башым катууда.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2021, 14:36

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сизде жеке тандоо болбогону өкүнүчтүү. Турмушка чыккыңыз келгенде, ата-энеңиз макул болгон эмес, эми минтип мажбурлап жатышат. 

Бул жерден унчукпай калууну эмес, ачык айтууну үйрөнүшүңүз керек. Ата-энеңизге убагы келгенде турмушка чыгарыңызды, алардын сөздөрү жүрөгүңүздү оорутуп жатканын айтыңыз. Ачык айткандан коркпоңуз. Жашоо сиздики экенин түшүнүңүз, турмушка качан чыгуу керектигин бир гана өзүңүз чечесиз.

Апаңыз ыйлап жатса, ал үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз. Апаңыз кызынын турмушу өзү каалагандай болбой жатканы үчүн ыйлап жатат, бул жерде сиздин күнөөңүз жок. Ооба, азырынча бирөөгө жолуга элексиз, буйруса бир күнү ал дагы болот. Турмушка чыкпай жүргөнүңүзгө сиз күнөөлүү эмессиз. Эң негизгиси сизде баары жакшы экенине, убактысы келгенде турмушка чыгарыңызга ишениңиз.

Албетте, апаңыз сизди, сиз аны жакшы көрөсүз, бирок анын ыйлап жатканы үчүн жоопкерчилик албаңыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт