Жети жаштагы баламдын колу туткак. Кантип калтырсам болот?
Саламатсызбы! Балам 7 жашта, колу туткак болуп жатат, кандай калтырсам болот? Үйдөн эжесинин сумкасынан, менин сумкаман акча алып алат. Атасынын акчасына тийбейт.
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Сурооңуз үчүн чоң рахмат. Бул куракта мындай көрүнүштөр болушу мүмкүн. Эң биринчиден баладан себебин билүү керек. Айталы, акча эмне үчүн керек болду. Анткени, 6-7 жаштан баштап бала бир чөйрөгө кошулат, кандайдыр бир социалдык жашоосу башталат, ал жакта муктаждыктар болушу мүмкүн.
Экинчиден бала менен сүйлөшүп, ар бир адамдын чеги болорун, эмнени алса болорун же болборун айтуу керек. Ортодо ишенимдүү байланыш болушу зарыл, ал ата-энесине сырын айткыдай болсун. Кандай нерсе айтса дагы урушпай, түшүнүү зарыл. Ошондой эле баланын жеке бюджети бар болушу керек экенин унутпайлы.
Бул жерде баланын жеке бюджети гана эмес, столу, стулу, өзүнө таандык китептери, буюмдары дагы бар болсун. Анан ошол жерден балага ар бир адамдын жеке буюмдары болорун, аны уруксатсыз алса негативдүү сезимдер пайда болорун айтуу сунушталат.
Бир нерсе керек болсо, ачык айтып сураганды үйрөтөбүз. Уруп, сабаган болбойт, кайра балада коркуу сезимин жаратат.
Эгер бул кеңештер жардам бербесе адиске кайрылуу кажет.