// //

Тамада "кыздын атасы ким" деп жарама туз сепкенде, алты киши "мен" деп чыкты

2021.08.30, 15:38
6432

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Эже, тамада, сүрөтчүлөргө айтып коюңуз, ата-энемди сурашпасын." Ошентип көптөн күткөн той күнү келди. Сүйүктүүм экөөбүз баш кошуп жатабыз. Ак көйнөгүмдү кийип алып, күзгүнүн алдында турам. Өзүмдү ушундай жалгыз сездим. Аттиң, ата-энемдин көзү тирүү болгондо...

Мен ар кимдин колунда өстүм. Эки эжем менен жайында гана көрүшчүбүз. Үчөөбүз ал күндү аябай күтөт элек. Ананчы, ата-энебиз каза болгондон кийин туугандары бизди бөлүп алган. Мен тайкемдин колунда калдым.

Ишенесиңерби, тайкем менен жеңем мени өз балдарынан дагы жакшы көрүшчү. Анын айынан балдары мени батырышпайт эле. Апасы же атасы жокто далай жолу ыйлатышат. Бирок, мен баарына чыдадым. Ата-энемди сагынып ооруган күндөрдө тайкем өз колу менен тамак берсе, жеңем бутумду ушалап отурат эле. Мен сүйүүгө бөлөнүп жашадым. Ошентсе дагы, бир туугандарымды, чогуу отуруп чай күндөрдү унута албадым.

Эжелерим турмушка чыгып кетишти. Сонун жезделерим бар. Эми минтип мен өз теңимдин колун кармаганы турам. 

ЗАГС. Сүрөтчү "эми кыз ата-энеси менен түшсүн" десе болобу. Күлүп-жайнап жүргөм. Дароо маанайым бузулду. Аны күйөөм байкай калып, "жалпы туугандар" деп абалды оңдоп кетти. Көз жашымды араң кармадым. Күйөөм күйпөлөктөп улам мени карап, колумдан сылап коет.

Экинчи ирет тамада жарама туз септи. Конокторго кызды атасы жетелеп келет деп жарыя кылса болобу. Сыртта турган жаным шолоктоп кирдим. Ошол маалда ичинен тайкем, эки жездем, болочок кайын атам, чоң атам, таятам чыгышты. Мени жетелеп алып киришти. Баары туруп кол чапты. Өзүмдүн ушундай бактылуу экенимди билдим. Баарына ыраазы болдум. Тамада кыздын атасы ошондо ким экенин сураганда, алтоо тең "мен" дешти. 

Ооба, ата-энесиз калган айрым балдардын тагдыры оор болот. Бирок, бактылуу адам экенмин. Мени өз кызындай көргөн туугандарым көп экен. Бир үйдөн мээримге толуп чыгып, экинчине кирдим. Кайын атам, күйөөм, кайын энемдин мага болгон сыйын, мамилесин көрүп ыраазы болгонумдан ыйлагым келет. Ушундай жакшы адамдарга татыктуумунбу дейм. Мен бактылуумун.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт