// //

Кайын эжемдин "апама туура эмес тамак берип өлтүрдүң" дегендерин кантип унутам?

2021.08.27, 12:46
1115

Саламатсызбы! Сиздердин сайтты абдан жакшы көрөм. Бирин дагы калтырбай окуйм. Мен дагы бир сырымды ачып бугумду чыгарып алгым келет жана тиешелүү адистен жооп алсамбы дегем. Жолдошум эккөөбүз баш кошкондо баары сонун болчу. Кыздуу болдук. Апам (кайын энем) мени жакшы көчү. Албетте, мен да апамды жакшы көрчүмүн. Күйөөмө караганда апама жакын болчум. Кызыбыз 4 ай болгондо апабыздын бөйрөгү "отказ" берип каза болду. Баары ошондо башталды. Кайын эжелерим менден көрүштү, "туура эмес тамак бердиң", "сен карабай койдуң", "сен бизге ак жолтой келин болгон жоксуң" деп айтышты. Күйөөмдү кайрап коюшчу, алар келгенде кадимкидей өзгөрүп калат эле. Ошондо жалгыз отуруп ыйлап алчум. Мен бир нерсе десем ата-энеме чалып каяша айтышат дешчү. Бир дагы жолу ата-энеме кайын-журтумду жамандаган эмесмин. Андан бери көп жыл өттү, ошол сөздөрдү унута албай келем. Эжелеримди сыйлайм, жакшы көрөм, бирок кээде эстесем жүрөгүм тилинет, жек көрүп кетем. Кантип унутсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2021, 13:19

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды жакшылап окуп чыктым. Бирок, сизге толук кандуу жооп берүү үчүн жагдайыңызды тактоо керек. Ичиңизде жашалып бүтпөгөн, мындайча айтканда убагында чыкпаган сезимдер калган. Кайын эжелериңиз сиз үчүн маанилүү болгон нерселерди тепселеп, сөздөрү мен жүрөгүңүздү ооруткан. Бул учурда психологго барып, негативдүү ойлоруңузду айтып, ыйлап, бугуңузду чыгарып алышыңыз керек. Бир-эки же андан көп консультация еректелет, бирок ишенип коюңуз, андан кийин баарын кое бересиз. 

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт