// //

Жолдошум "акча салбасаң сага барбайм, жашабайм" дейт. Эмне кылам?

2021.08.26, 13:20
1266

Саламатсызбы! Күйөөм менен таарынышып үч жыл жүрдүк. Анан беш ай мурун жарашканбыз. Жыйырма күн мурун Кыргызстанга кеткен. Жакын арада документтерин бүтүрүп алып келмек. Эми болсо мага шарт коюп жатат. Квартиранын, документтин акчасын котор, ошондой сени менен жашайм. Эгер салбасаң сени менен жашабайм, өзүң каалагандай жаша дейт. 

Учурда эки айлык боюмда бар. Эмне кылышты билбей калдым. Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2021, 13:48

Нуриза Батырбекова 

Психолог 

Саламатсызбы! Абалыңыз оңой эмес экен. Көпчүлүгүбүз үчүн үй-бүлө баалуулуктарыбыздын бийигинде турат. Ошол эле кезде ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн функциялары бар. Ал жакта бири-бирибизди жакшы көрүү, кам көрүү, экономикалык, физикалык жактан жардам берүү. Ошондой эле чогу үй куруу, оокат алуу, балалуу болуу, аларды бирге тарбиялоо деген сыяктуу.

Сиздин окуяңызда кандайдыр бир ситуациялар кайра-кайра кайталанып келет экен. Муну психологиядагы "жизненный сценарийге" окшошуп кетет экен.

Кандай кылам, эмне кылам деген суроолорго чейин өзүңүзгө бул суроолорду бериңиз. Мага ушундай үй-бүлө керекпи? Жолдошума кандай ойлорум бар? Көз карашым кандай? Ага болгон сезимдерим барбы же жокпу?
Жообун тапкандан кийин, эми эмне кылам, кандай кылсам болот деген суроолорго жооп издеңиз.

Дагы бир коркунучтуу нерсе жолдошуңуздун акча берсең жашайм, бербесең жашабайм деген манипуляциясы. Эгер акча салсаңыз манипуляцияга жол бересиз. Анан бул нерсе кайра-кайра кайталана бериши мүмкүн.

Эгер мен буга даярмын десеңиз акча салсаңыз болот. Жок, даяр эмесмин десеңиз оор болсо да башка чечим кабыл алганыңыз туура болот.

Ийгилик!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт