Боюмдун узунунан уялып бүкүрөйүп жүрөм. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин суроом боюма байланыштуу. Курбуларымдын ичинен эң узуну менмин. Боюм узун, бул нерседен уялам. Ар дайым бүкүрөйүп жүрөм, анткени өзүмө болгон баам дагы төмөн. Элдер мени шылдыңдап жаткандай көрүнө берет. Кийим жарашпайт. Эмне кылсам болот?
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатсызбы! Мен сизге бир нерсени айтып коеюн – идеалдуу адам жок! Болбогону деле жакшы, ошону менен адамдар бири-бирине кызык, бардыгы бири-биринен айырмаланып турат: дене түзүлүшү, жүзү, мүнөзү, ой жүгүртүүсү, улуту, дини ж.б.
Сиз да эч кимге окшош эмессиз, сиздей экинчи адам бул дүйнөдө жок, болгон эмес, болбойт дагы. Биз келбетибизди ашкере критикалай беребиз, өзүбдүздү урушуп, төмөн баалайбыз.
Боюм узун дедиңиз, а канча адам узун бойго жетпей убара? Узун бойлуу адамдар кыска бойлууларга караганда аз, ошондуктан сиз бул өзгөчөлүгүңүз менен сыймыктанышыңыз керек.
Менин да боюм узун, бирок ошого карабай бийик така кием, анткени мага жагат. Башкалар эмне дейт, кандай пикирде калышат, мени кызыктырбайт.
Андан тышкары азыркы учурда кийимдин түрлөрү көп, фигураңызга жарашыктуу кылып тандап алууга шарт бар. Болгону артыкчылыктарыңызды баса белгилегенге үйрөнүңүз.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, айрым айымдардын сулуулугу кечирээк ачылат. Анын бардыгы сиздин өзүңүзгө жасаган мамиледен көз каранды. Мен эч кимге жакпайм, мен идеалдуу эмесмин, түрүм суук дей берсеңиз, өзүңүздү да айланадагы адамдарды да ошого ишендирип коесуз.
Андан көрө жакшы жактарыңызга, мыкты сапаттарыңызга басым кылыңыз. Мен акылдуумун, мен боорукермин, мен тамашаны жакшы түшүнөм ж.б. Сиз сөзсүз сизди баалаган, чын дилинен сүйгөн адамга жолугасыз. Кемчиликтериңизди өзгөчөлүк катары кабыл алганды үйрөнүңүз.
Ийгилик!
Психолог Асель Суюнбаева менен @_psy_help_ баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.