// //

Денеңди бардык кемчиликтери менен кабыл алуу үчүн 6 кеңеш

2021.08.23, 15:24
1207

Bilesinbi.kg түз эфирге сексология жааты боюнча адис Тина Уметалиеваны чакырып “Денем жана келбетиме ыраазы эмесмин. Өзүңдү кантип кабыл алсаң болот?” деген темада баарлашты. Маектин урунтуу учурларын, тактап айтканда, сексологдун кеңештерин төмөндөн окуй аласыз. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрсөңүз болот.

  1. Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз

Көпчүлүгүбүздө идеал туткан бир белгилүү же жөнөкөй адам болот. Анын жанында өзүбүздү жетиштүү түрдө жагымдуу эмес деп ойлойбуз. Ага окшошууга аракет кылып, күзгүгө каранып алып өзүбүздү аны менен салыштырабыз. Акырында күтүүлөрүбүз акталбай көңүлүбүз түшөт, денебизди кабыл албай, өзүбүзгө көптөгөн чектөөлөрдү киргизебиз. Андыктан эч качан өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Баарына же бирөөгө окшош болгондон көрө, уникалдуу инсан болгон жакшы экенин унутпаңыз.

  1. Өзүңүздү мактаңыз

Ар дайым эле өзүңүздөн кемчилик издеп жүрө берсеңиз, жакшы жактарыңызды табуу кыйын болуп калат. Бирок, жакшы жактарыңыз сөзсүз бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Өзүңүздү мактаңыз. Күзгүнүн алдында туруп алып суктаныңыз. Ооба, башында кыйын болот. Бирок, бара-бара көнүп кетесиз.

  1. Өзүңүздү кабыл алыңыз

Өзүңүздү кандай көрсөңүз, башкалар дагы сизди ошондой көрөт. Ар бирөөбүздө кемчилик бар, бирок аны айтуунун зарылчылыгы жок. Мисалы, кечке эле семизмин дей берсеңиз, элдер дагы ага көнүп, ишенип, ошондой кабыл алышат. Сиз айтпасаңыз, алар байкамак деле эмес. Эгер, сулуумун деп өзүңүздү жакшы көрсөңүз, тескерисинче ага ишене башташат. Баары сизден, өзүңүздү алып жүргөндөн көз каранды экенин унутпаңыз.

  1. Өзүңүздү бир бүтүн катары караңыз

Денеңизди бөлүктөргө бөлүп кароону токтотуңуз. Мисалы, мурдуңуз жакпаса, кечке эле ага маани бере бербеңиз. Чындыгында, эч кандай чоң мурун, бүтүк көз же кыйшык тиштер сыяктуу нерселер жалпы көрүнүшүбүздү аныктабайт. Биз денебиздин бир бөлүгүнөн алда канча көппүз. Мурдуңузду жашыруунун ордуна, өзүңүздү уникалдуу инсан экениңизди унутпаңыз. Жеке деталдарга көңүл бурбастан, өзүңүздүн образыңызды бүтүндөй кабылдоону үйрөнүңүз.

  1. Жарнамаларга ишене бербеңиз

Инстаграмда баары идеалдуу көрнүгөн адамдардын сүрөтүнө ишене бербеңиз. Ал сүрөттүн артында фотографтын эмгеги турарын унутпаңыз. Атактуулардын макияжсыз сүрөттөрүн карасаңыз, ошондо алар башкалардай эле адамдар экенин көрөсүз. Акыр -аягы, айланаңызды караңыз - көптөгөн сонун адамдар бар. Алар фотошоптолгон сүрөттөргө окшошпойт, бирок ошентсе да алар сулуу - ар бири өзүнчө уникалдуу.

  1. Теориядан практикага өтүңүз

Өзгөрүүнү каалагандар үчүн сонун практика бар. Кагаз алып, эки таблица чиесиз. Биринчи таблицага кемчилик деп эсептеген нерселериңиздин тизмесин түзүп чыгасыз.  Мисалы, чач жасалгаыз жакпайт деп жаздыңыз. Эми анын маңдайына кантип өзгөртө аларыңызды жазасыз: чач тарачка баруу, кырктыруу ж.б. дегендей. Андан кийин иш жүзүнө ашырууга өтүңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт