// //

Жыныс мүчөнү сындырып алса болобу жана ал кандай коркунуч туудурат

2021.08.18, 13:12
1965

Ооба, теманы туура эле окудуңуз. Көрсө, жыныс мүчөнү дагы сындырып алса болот экен. Уролог-андролог Роман Дадажанов бул көрүнүштү сейрек кездешүүчү нерсе дейт. Ошентсе да, маал -маалы менен эрекцияны башынан өткөргөн ар бир эркек айтылуу көйгөйгө туш болушу мүмкүн. Bilesinbi.kg бул кандайча болорун жана эмне кылуу керек экенин билип көрдү.

Сынган жыныс мүчө деген эмне?

Жыныс мүчө сөөк эмес, ал жерде сындыра турган эч нерсе жок. Ал көңдөй телолордон турат. Эркек эрекция болгондо, көңдөйлөр канга толот. Бул жыныс мүчөнү күчтүү кылат жана катырат. Көбүнчө, мындай жаракат интенсивдүү жыныстык катнашта же мастурбация учурунда пайда болот. Жыныс мүчөнү катуу ийип жибергенде жанагы көңдөйлүү телонун оболочкасы жарылып кетет.

Негизги белгилери кандай?

Жыныс мүчөнүн сынганын көрсөткөн бир нече белгилер бар.

  • Сынган учурда кычыраган үн чыгат.
  • Дароо эрекция жоголот.
  • Катуу оорутат.
  • Теринин астына кан толуп көгөрүп чыгат.
  • Заара кан аралаш чыгат.
  • Жыныс мүчө кыйшыйып калышы мүмкүн.

Ошол учурда жыныс мүчөгө муздак бир нерсе коюп, дароо урологго кайрылуу керек. Эскертүү! Эч качан үйдө дарылап же өтүп кетет деп күтүп отурбагыла. Бул абдан коркунучтуу.

Жыныс мүчөнүн сынганы эмнеси менен кооптуу?

Мындай жаракат сөзсүз түрдө жыныс мүчөнүн деформациясына алып келет. Ошондой эле эркектин эрекциясын биротоло жоготуп, төшөк алсыздыгына чалдыктырат. Заара кылууда өмүр бою кыйналып калышы мүмкүн.

Кантип дарыланат?

Бул жерде бир гана жол бар, медициналык тез жардам. Демек, дароо жардамга кайрылуу керек: же врачка баруу, же тез жардам чакыруу.

Уролог, андролог же травматолог жаракатты карап чыгат, симптомдорун сурайт. Бул диагноз коюу үчүн жетиштүү. Кээде кошумча экспертизалар талап кылынышы мүмкүн - УЗИ же МРТ. Алар сынган жерди аныктоого жардам берет. Эгерде жаракат оор болсо, операция жасоого туура келет.

Дагы бир жолу эскертем! Эч качан өз билемдик кылып дарылабагыла!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт