// //

Өспүрүмдөр менен сүйлөшүүнүн 4 эрежеси

2021.08.18, 10:57
1637

Баласы бой жете баштаган ар бир ата-эне “эми өспүрүм курагы кандай өтөт экен” деп кабатырланат. Бул курактагы кризисти жеңүү үчүн эмне кылуу керектигин психолог Нуриза Батырбекова айтып берет. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

1. Балаңыз өзгөрөт, туура түшүнүү менен кабыл алыңыз

Өспүрүм куракта балаңыз өзүн башкача алып жүрө баштайт, кээде аны менен сүйлөшүү ушунчалык кыйын болуп калат. Мурда тынч болсо, азыр ызы-чуу салат. Анын үстүнө, сиз күтпөгөн нерселерди жасашы мүмкүн. Мисалы, чачын узун кылып өстүрөт же кыркат, башкача кийинет дегендей. Мурда бешке окуса, эми төрткө же үчкө түшүп кетиши мүмкүн. Анткени, өспүрүм куракта сабакка болгон кызыгуусу жоголот. Бул учурду жеңүү үчүн сизден ишеним жана урматтоо сыяктуу сезимдер талап кылынат.

Андыктан, балаңызды түшүнүп, кабыл алып, колдогонго өтүңүз.  

2. Мугалими эмес, досу болуңуз

Өспүрүм куракта бала үчүн  ата-энелери экинчи планга жылып кетет. Анын жашоосунун көбүн теңтуштары ээлейт. Жакындарынын чөйрөсүндө эмес, достору менен убакыт өткөрүү ага алда канча кызыктуу болот.

Бул учурда балаңызды тосуп алып лекция окуп, мугалим болуунун кереги жок.

Антсеңиз, кайра тескерисинче балаңызды өзүңүздөн алыстатасыз, сырлары менен бөлүшпөй, жабылып калат. Аны мындай кыл же тигиндей кыл деп урушпаңыз. Өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз, балаңызга дагы ката кетирүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз, кандай болсо ошондой кабыл алыңыз, кыскасы досу болуңуз.

3. Ортоңордогу жакындыкты сактаңыз

Балаңыз сизден алыстап кетсе дагы, аны менен болгон эмоционалдык байланышты сактаңыз. Балага баары бир ата-энеси менен баарлашуу керек. Балаңыз үчүн жеткиликтүү болуңуз. Күн сайын аны менен сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Кызыкчылыктарын, жашоосунда эмне болуп жатканын сураңыз. Ага өз ойлору менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз, кичинекей болсо дагы ийгиликтери үчүн мактаңыз, аны угууну үйрөнүңүз!

4. Балаңыз менен жаңы нерселерди үйрөнүңүз

Өспүрүмдөр менен бекем мамиле түзүү үчүн, сиз дайыма жаңы нерселерди үйрөнүшүңүз керек, ар бир курактын муктаждыктарын жана өзгөчөлүктөрүн билишиңиз керек, өзүңүздүн жүрум-турумуңузду анализдеп, балаңыз менен бирге өзгөрүшүңүз керек. Балаңыздан кеңеш сурап, туура эмес кылган учурда катаңызды моюнга алыңыз. Бул менен анын ишенимине ээ болосуз.

Дагы бир жолу кайталайм, балаңыз үчүн сиздин колдооңуз керек.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт