Психологиялык тест: Башкалар сизди кандай көрөт?
Өзүбүздүн кулк-мүнөзүбүз тууралуу башкалардын пикири такыр эле дал келбей калган учурлар болот.
Биз башкалар сизди кандай көрөрү тууралуу визуалдык тест даярдадык. Төмөнкү сүрөттөн биринчи эмнени көрдүңүз? Мышык? Скрипкалык ачкыч? Чымчык?
Тандооңуздун маанисин окугуңуз:
Мышык
Башкалар сизди чечкиндүү, ар кандай кырдаалды эске алып кадам шилтеген адам деп кабыл алышат. Ошондой эле кандай гана маселе болбосун өзүнүн жеке пикири бар деп эсептешет.
Скрипкалык ачкыч
Айланаңыздагылар сизди жакшы табити бар, жашоосундагы бардык окуяларга канааттанган токтоо адам катары көрүшөт.
Чымчык
Коом сизди бул дүйнөдө жакшы көргөн жана чектөөлөрү аз, саякатчы, турист же тентимиш катары мүнөздөйт.
Ишендиңизби? Башкалардан сурап көрүңүз, мүмкүн чындап эле ушундайдыр.