// //

Этек кирдин оорутуп келүүсү эндометриоздун алгачкы белгиси

2021.08.11, 21:42
2471

Этек кирдин оорутуп келиши эндометриоздун алгачкы белгилеринин бирөөсү болуп саналат. Врач-гинеколог Джамиля Салиева пайда болуу себептери жана дарылоо ыкмалары жакшы аныктала элек эндометриоз тууралуу кененирээк айтып берет.

Эндометриоз деген эмне?

Эндометриоз – бул нормада жатындын ичинде жайгашышы керек болгон эндометрия клеткаларынын жатындын сыртында же өзүнө тиешеси жок башка аймактарда өсүп калышы. Тактап айта кетсем, ар бир ай сайын этек кир башталганда эндометрия клеткалары бөлүнүп чыгып кан менен агып кетиш керек. Бирок, алар сыртка агып чыгып кетпей, башка жакка кетип калат дагы, ал жерге отурукташып өсө баштайт.

Көбүнчө эндометриозду төмөнкү жерлерден кездештирсе болот:

  • Энелик бездерде
  • Фаллопиялык түтүктөрдө
  • Жатындын сырткы бетинде ж.б.

Жыныс кынына, жатын моюнчасына, вульвага, ичегилерге, табарсык же түз ичегилерге дагы кирип кетиши мүмкүн.

Эндометриоздун белгилери кандай?

Эндометриоз симптомдору төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Этек кирдин катуу оорутуп келиши. Оору этек кир келээрден 1-2 күн мурун башталат жана ооруну басаңдатуучу дары ичсең дагы басылбайт. Убакыттын өтүшү менен күчөшү мүмкүн. Айыз бүтө баштаганда жоголуп кетет.
  • Белдин жана жамбаштын оорушу.
  • Жыныстык катнаш учурунда же андан кийин оорутуу.
  • Этек кирге чейин жана кийин кара-күрөң түстөгү суюктуктун келиши.
  • Тукумсуздук ж.б.

Эндометриозго эмне себеп болот?

Бул оорунун эмнеден келип чыкканын эч ким так билбейт. Окумуштуулар мүмкүн болгон себептерди иликтеп бүтүшө элек. Ошентсе дагы айрымдарына токтоло кетсем.

  • Ретрограддык этек кир. Ретрограддык этек кирде эндометрия клеткалары бар этек кир каны түтүктөр аркылуу денеден чыкпай, кайра артка агат.
  • Эндометриоз тукум кууп өтүшү мүмкүн.
  • Иммундук системанын бузулушу.
  • Гормондордун ишинин бузулушу ж.б.

Кимдерде эндометризго чалдыгуу мүмкүнчүлүгү жогору?

Эндометриоздун пайда болуу коркунучун бир нече фактор жогорулатат. Мисалы:

  • Эч качан төрөгөн эмес айымдар
  • Этек кирдин эрте башталышы
  • Кыска этек кир циклдери - мисалы, 27 күндөн аз.
  • Жети күндөн ашык созулган этек кир
  • Денеде эстроген гормонунун деңгээли жогору болушу
  • Менструалдык цикл учурунда денеден кандын чыгышына тоскоол болгон ар кандай оору
  • Репродуктивдүү жолдордун оорулары ж.б.

Эндометриоз кантип дарыланат?

Эндометриоз консервативдик терапия менен дарыланууга багынбайт. Эндометриозду дарылоонун эң жакшы методу - бул органды алып салуу. Бирок, биз дарыгерлер бул жолго барбаганга аракет кылабыз. Анын белгилерин дарылоо методдорун колдонобуз. Мисалы, ал гормоналдык терапия болушу мүмкүн. Аны менен ооруну бир калыпта кармап, натыйжада  жакшы жашоо сапатына ээ болуп, тукумсуздукту алдына алууга мүмкүн. Эң негизгиси оорунун белгилерин байкаганда дароо дарыгерге кайрылуу керек.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт