Психологиялык тест: Сүрөт тандап, түгөйүңүз менен болгон мамилеңизди билиңиз
Сиз үчүн үч жуптун кайсынысы чынында бактылуу? Тандаган жуп өзүңүздүн түгөйүңүз менен болгон мамилеңиздин кандай экенин билдирет.
Комментарийге ой-пикириңизди бөлүшүңүз. Туура чыктыбы?
Биринчи жупту тандагандар
"Бактылуулук тынчтыкты сүйөт." Бул сиздин мамиле куруудагы урааныңыз. Өз сүйүүңүздү башкаларга көрсөтүүнү жактырбайсыз. Ошондуктан соц тармактарга түгөйүңүз менен түшкөн сүрөттөрдү жарыялабайсыз.
Чыныгы мамилени баалап, виртуалдуу дүйнөгө кызыга бербейсиз. Көрөлбастыктан коркосуз. Ошондуктан мамилеңизди коргоп, башкаларга айта бербейсиз.
Эмоция мамилеңизде биринчи орунда. Сиздин мамиледе бары болуп турат. Жашоодогу ак, кара учурдардын барынан мамилеңиздин мынданда чыңдалышын көрө билесиз.
Экинчи жупту тандагандар
Сиз түйгөйүңүздү сүйөсүз. Сезимиңиз тууралуу бардыгана айтканга даярсыз.
Мамилеңизди көпчүлүккө көрсөтүнүү жактырасыз. Ошол себептен инстаграмда сүйүктүүңүз менен түшкөн сүрөттөр көп. "Көз тиет" дегендерге ишенбейсиз. Мындан улам мамилеңизди көпчүлүктөн жашырбайсыз.
Сезимди ачык айтуу жакшы адат, бирок ар кандай адамдар бар. Бактылуу жүргөнүңүздү көрө албагандар да болот. Мамилеңиздин кайсы учурда солгундап калганын билбей каласыз.
Үчүнчү жупту тандагандар
Түгөйүңүз менен болгон бекем мамилеңизге мактана аласыз. Биргеликте көптөгөн кыйынчылыктардан өтүп, мамилени бекемдей алдыңыз.
Жашоодо эмне каалап жатканыңызды так билесиз. Коркпостон бири-бириңизди колдоп, бир багытка кете аласыз. Жашоого болгон көз караш, кызыгуулар, максаттар бир.
Мамилеңиз бири-бириңизге болгон сый жана ишенимде курулган. Туура тандоо кылганыңызга ишенесиз. Башкалардын ой-пикирине көңүл бөлбөй түйгөйүңүз менен бактылуу өмүр сүрүүгө даярсыз.