// //

Суицид тууралуу ойлору бар балага кантип жардам берүү керек? Психологдон кеңеш

2021.08.06, 10:26
1241

Бул ирет Bilesinbi.kg түз эфирге психолог Айгүл Аликанованы чакырып,  “Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна алып келүүчү факторлор” деген темада баарлашты. Төмөндөн психологдун өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан ата-энелерге берген кеңештерин окуй аласыз. Ал эми эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

Ачык сүйлөшүңүз

“Калп эле бир нерсени ойлоп таба бербечи!”, “Башымды оорутпачы!”, “Кайдагыны баштабай жөн отурчу!” ж. б. ушул сыяктуу фразаларды айтып кереги жок. Тескерисинче, абалды ого бетер курчутасыз. Анын ордуна, жай отуруп, балаңыз менен сезимдери тууралуу ачык сүйлөшүңүз. Суицид тууралуу ойлору барбы же жокпу билиңиз. Ичинде эмне болуп жатканын ачык жана чын айтууга мүмкүнчүлүк бере турган жагдай түзүү менен анын куткаруучусу болуп калышыңыз мүмкүн.

Туура учурду тандаңыз

Адам суицидке дароо эле бара койбойт. Бул кадамды жасаганга чейин көп убакыт ойлонуп жүргөн болот. Андыктан, ар бир ата-эне баамчыл болушу кажет. Көбүнчө балдар чүнчүп, жакындарынан алыстап, жашырына баштайт. Бул нерсени байкаганда дароо баланы урушуп жатып калбаңыз. Туура учурду, жай жагдайды тандаңыз. Ооба, ачууланып, эмне кылышты билбей калышыңыз мүмкүн. Бирок, өзүңүздү кармаңыз, эмоцияларыңызды башкарыңыз. Балаңызга акырын гана аны менен талкуулагыңыз келген суроолор бар экенин айтыңыз.

Айткандарын оюнчук катары кабыл албаңыз

Өспүрүмдөр абдан сезимтал болушат. Алар ар бир айтылган сөзгө, майда-барат нерселерге чейин маани беришет. Сиз жөн эле идишти сындырганы үчүн урушуп койсоңуз, ал аны чоң трагедия катары кабыл алышы мүмкүн. Андыктан, бир нерсе айтарда жакшылап ойлонуңуз.  “Жашагым келбейт” же “өлгүм келип жатат” деген сөздөрүн манипуляция катары кабыл албаңыз. Баланын ар бир сөзүнө олуттуу мамиле кылуу абдан маанилүү экенин билиңиз. “Антип айтпа!” деп коркутуу менен дагы жакшы жыйынтыкка жетпейсиз. Тескерисинче, муну менен анын айткандары сиз үчүн маанилүү эмес экенин билдиресиз.

Суициддин белгилерин байкаганда ыкчам кыймылдаңыз

Балаңыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган белгилерди ачык көргөндө  дароо чара көрүңүз. Мисалы, колундагы кесиктер. Мындай учурларда бала дайыма жабык кийимдерди кие баштайт. Балаңыз өзүн -өзү өлтүрүү жөнүндө ойлонуп жатат деп шектенгенде эле, ага жардамга келип, аны менен ачык талкуулооңуз керек. Бала жалгыз эмес экенин сезиши керек. Ал үчүн ата-энесинин колдоосу, көңүл буруусу абдан маанилүү. Балага суицидден алыс болууга жардам берүүнүн негизги жолу - коркуу жана жазалоо жок болгон ортоңордогу чынчыл, ачык жана ишенимдүү мамиле. Балаңыздын жашоосунда болуп жаткан нерселер сиз үчүн дагы маанилүү экенин көрсөтүңүз.

Психологдон кеңеш алганы ээрчишип алып баргыла

Ата -энелер көбүнчө баласынын эмоционалдык көйгөйлөрү бар экенин кабыл алгылары келбейт же аларды маанилүү деп эсептешпейт. Эгер кантип жардам берүүнү билбей жатсаңыз, психологго кайрылып кеңеш сурагандан тартынбаңыз. Балаңыз менен ээрчишип барсаңыз андан дагы сонун болот. Көйгөйдү биргелешип чечүү алда канча натыйжалуу экенин билиңиз. Балаңызды кыстап, урушуп, алып барабаңыз. Туура түшүндүрүп, аны жакшы көрөрүнүздү, жардам бергиңиз келерин айтыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт