// //

Тогуз айлык балам салмак кошпой жатат. Эмне берсем болот?

2021.08.05, 11:49
2174

Саламатсызбы! Менин балам 9 ай, 7 кг. Такыр эле салмак кошпой жатат. Эмчектен чыгып кеткен. Эмне кылсам болот? Кандай витаминдерди берсем болот? Ичи катат, курулдай берет. "НАН" деген смесь ичет, "Кабрита" дегенди да бердим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.08.2021, 12:02

Диляра Искакова

Педиатр

Саламатсызбы! Эмчектен чыгып алганы өкүнүчтүү, эме берсе болмок. Салмагы аз, демек, организмине керектүү өлчөмдө тамак жетпей жатат. Тогуз айлык балага жалгыз эле смесь берген болбойт. Смесь тогуз айлык балага эртели-кеч эки жолу берилиши керек. Андан сырткары, үч-төрт маал ысык тамак, эки жолу "перекус" зарыл. Баш тартса дагы, акырындап көбөйтүп берип баштаңыз.

Эт, балык, тоок кошулган тамак жеши керек. Накта сүт болбойт, быштак, айран болот. Жашылча-жемиштерден пюре жасап бериңиз: сабиз, кабачки, баклажан, брокколли ж.б. Бул жашылчаларды сууга бышырыңыз, ошол эле сууга кичине суу май кошуп койсоңуз болот. Суу майда каллория көп, балага энергия берет.

Сөзсүз түрдө жашылчадан жасалган пюрелерге, кашаларга бир чай кашык суу май кошуу керек. Ар бир жолкуда жаңы жасап бергенге аракет кылыңыз. Бир пюреде картошка, сабиз, капуста түрлөрү, башкача айтканда, төрт-беш жашылча болсун. Тузду, кум шекерди кошпогонго аракет кылыңыз.

Аз-аздан берип көндүрүңүз. Биринчиден бир-эки чоң кашык, анан төрт беш-чоң кашык. Эң аягында 10-15 чоң кашык жеп калгандай болсо абдан жакшы. Бир эле түрлүү пюре эмес, ар бир жолкусунда ар кандай кылып жасаңыз. Мүмкүн болушунча коюу тамак бериңиз, суюк тамак балага аш болбойт. Манный кашанын пайдасы жок, андан баш тартып эле коюңуз. Смести азыраак, коюу тамак көбүрөөк болсун. Үч маал ысык тамактын ортосунда, быштак, айран, йогурт берсеңиз болот. 

Балаңыз ден соолукта болсун!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт