// //

Алтын спираль жакшыбы же күмүшпү? Гинеколог жооп берет

2021.08.02, 15:48
2753

Саламатсызбы! Спиарль салдырайын дегем. Анын түрлөрү көп экен. Кээ бирөө алтынын салдыр дейт, айрымдары күмүштү мактайт. Кайсынынсы жакшыраак? Кеңеш берип коесузбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.08.2021, 15:48

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламасызбы! Каалаган спиралды салдырсаңыз болот. Бардыгынын аткара турган функциясы бирдей. Ал эми алардын курамына кире турган металл деле чоң айырмачылыкты жаратпайт. Болгону антисептикалык эффектиси бар.

Эсиңизде болсун, бир да спираль жынысты катнаш аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардай сактабайт!

Башка жатын ичине салынуучу спиралдардан гормоналдык спираль кескин айырмаланат. Жатын тезирээк көнөт жана оң таасирди бере баштайт. Гормоналдык спиралдар жамбаш сөөк органдарынын (органы малого таза) гормондон көз каранды болгон башка оорулардын (эндометриоз, гиперплазия эндометрия, кисталар, жарым-жартылай миомаларды) алдын алат.

Гормоналдык спираль салдыргандан кийин этек кири азайып, жок болуп да кетиши мүмкүн. Бирок бул патология болуп эсептелинбейт. Себеби анын терапевтикалык жана профилактикалык таасири чоң.

Кандай гана спираль койдурууну чечсеңиз да, алгач гинекологдун консультациясын алып, аны менен кеңешүү зарыл.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт