Университеттен аттестатымды алайын десем, контракт төлө деп жатат. Эмне кылам?
Саламатсызбы! Мен 2018-жылы агрардык университетке тапшыргам, ал жактан бюджетке өтүп, бирок 3 ай окуп таштоого туура келди. Эми аттесттымды алайын десем контракт төлө деп жатат. Мен мыйзам чегинде кантип алсам болот?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Тилекке каршы, кайсы адистикте окуганыңызды жазбапсыз. КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майында чыгарган токтомуна ылайык, билим берүү мекемелеринде фармацевтика, медицина жана педагогика адистиктери боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттер, билим берүү мекемеси жана адисти даярдоого буйрутма берген жумуш берүүчү ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
Ал келишимде эгерде студент тез арада келишимди жокко чыгарып, башка окуу жайга которулууну кааласа анда аны даярдоого кеткен чыгымдарды төлөп берет деп көрсөтүлгөн.
Демек, педагогикалык жана медициналык адистикте билим алып жаткан студенттер башка окуу жайга же контрактык адистикке которулууну чечсе окуган мөөнөтүнүн акчасын төлөп берет.
Сиз университеттин деканатына барып кеңеш алыңыз. Ошондой эле университет менен түзгөн келишимди карап чыгыңыз. Ал жерде кандай учурда контракт төлөнөт деп жазылуу болот.