Жыныс мүчөсү кичинекей эркектер балалуу боло албай калышабы?
Саламатсызбы! Көптөн бери силерден уялып сурай албай жаттым эле. Жыныс мүчөсү кичинекей эркектер балалуу боло албай калышабы? Мага жыныс мүчөм кийинекейдей сезиле берет. Өзүм 24 жаштамын. Үйлөнсөм кандай болот деп кабатырмын.
Азат Бейшенов
Уролог
Бизге жыныс мүчөм кичинекей, деп кайрылган эркектер көп. Бирок, бул жөн гана ойдон чыгарылган көйгөй, комплекс. Кайрылган мырзалардын көбүнүкү кадимки эле көлөмдө. Албетте, чынында жыныс мүчөсү кичинекей, 3-4 см болгондор да бар. Бирок, андайлар чанда гана кездешет. Кичинекей болгону менен өзүнүн табигый функциясын аткара берет. Башкача айтканда:
- жыныстык катнашка бара алат;
- балалуу боло алат;
- заара кылат.
Айрымдар порнографиялык кинолорду көрүп алып, ал жакта көрсөтүлгөн жыныстык мүчөлөрдүн көлөмүн норма катары кабыл алышат. Кинодо бардык нерсе, көркөмдөлүп, апыртылып, чындыктан алыс болуп көрсөтүлөт.
Ошондой эле кимдир бирөө, балким кичинекей кезинде жыныс мүчөсүн кичинекей деп койгон. Же биринчи жолу жыныстык катнашка барганда өнөктөшү шылдыңдаган. Бул сын пикир өмүр бою мээсинде калып калат.
Жыныс мүчөнүн чоң-кичинеси көйгөй эмес, эрекциянын тез бүтүп калышы, мына бул чындап дарыланууну талап кылган маселе. Эрекцияны узартуу үчүн эркектер алгач өздөрүнүн жашоо образына, тамактануусуна, ашыкча салмакка, жана зыян келтирүүчү адаттарына көңүл бөлүшү керек. Спорт менен машыгып, тамеки чегүү, ичимдик ичүүнү токтотору менен ден соолук жакшырат. Аны менен сексуалдык функция да өз калыбына келет.