// //

Уулунан жети жыл кабар албаган күйөөмөн алимент өндүрө аламбы?

2021.07.29, 15:38
1140

Саламатсызбы! Күйөөм менен балам бир жашка чыкканда ажырашканбыз. Азыр балам сегизде. Ушул убакка чейин уулунан бир дагы жолу кабар алган жок. Эми жети жыл аралыгындагы алиментти өндүрүп алсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.07.2021, 15:39

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинин негизинде "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Демек, сиз балдарыңыздын атасынын балдар үчүн алимент алууга толук укуктуусуз.

Бирок, алимент сиз сотко арыз менен кайрылган күндөн баштап эсептелинет. Анткени жогорудагы Үй-бүлө Кодексинин 112-беренесинин 2-бөлүгүндө "Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет" деп көрсөтүлгөн. Ушул эле 2-бөлүктө "Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп берүүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн" деп жазылган. 

Өзүңүз жашаган аймактагы сотко алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз менен кайрылып көрүңүз, бул берене иш жүзүндө кандай иштейт экен, мага белгисиз. Анткени көпчүлүк аялдар мындай доо арыз менен соттук териштирүүдө берки тарап менен соттошууну каалабй, сотко кайрылышпайт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт