// //

Балаңыздын душманы эмес, досу болгонго аракет кылыңыз. Психологдон 10 кеңеш

2021.07.27, 20:23
2274

Bilesinbi.kg түз эфирге психолог Айгүл Аликанованы чакырып,  “Суицидге баруунун алдында турган өспүрүмгө эмне деп айтат элеңиз” деген темада баарлашты. Маектин урунтуу учурларын, тактап айтканда, психологдун өспүрүмдөрдү тарбиялап жаткан ата-энелерге берген кеңештерин төмөндөн окуй аласыз.

1-кеңеш: Өспүрүм куракта аябай чоң гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Бул учурда өспүрүм өзүнүн эмоцияларын башкара албай калышы мүмкүн. Ал эми мээдеги чечим кабыл алуу үчүн жооп берген зоналар 25-30 жашка чейин калыптана берет. Ошон үчүн өспүрүмдү чоң адамдай кабыл албаңыз. Сыртынан боюу узун көрүнгөнү менен жан дүйнөсү, психикалык өнүгүүсү боюнча алар дагы эле жаш бала. Эч качан “чоңоюп эле калдың” дебеңиз.

2-кеңеш: Ооба, өспүрүмдөрдүн талабын талаша бересиңер деп айтышыңыз мүмкүн. Сиз өспүрүм болуп көргөнсүз, бирок, балаңыз чоң адам болуп көрө элек. Биринчи кезектеги сиздин максат, аны түшүнүү.

3-кеңеш: Эң оңой жолу бала менен ачык сүйлөшүү. Биринчи жолу бул нерсени жасоо оор болушу мүмкүн. Балаңыз “барыңызчы”, “мени тынч коюңузчу”, “кетиңизчи” деген сыяктуу сөздөрдү айтат.  Анткени өспүрүм куракта алар теңтуштарын авторитет көрүп, алар менен сүйлөшкүсү келет. Капа болбоңуз, аны туура түшүнүп, мүмкүнчүлүк, убакыт бериңиз.

4-кеңеш: Балаңыз өспүрүм куракта бунт болуп, тилиңизди албай, каршы чыгат. Бул учурда “сен ким элең” деп басынтпаңыз.  Убагында бунт болуп өтүп кетпесе, кийин 30-40 жашында деле кандайдыр бир жолдор менен кайра чыгат. Ошон үчүн ар бир нерсе өз убагында болгону жакшы. Мисалы, чачын ар түрдүү түскө боюшу мүмкүн. Бул учурда тим коюңуз, сеники туура деңиз. 18-20 жашка барганда калыбына келип калат.

5-кеңеш: Суицидке алып баруучу факторлордун бири ата-эне менен болгон түшүнбөстүк экенин айта кетүү зарыл. Ошондуктан, балаңызды түшүнүүгө, анын досу болууга умтулуңуз. Өспүрүм үчүн кичинекей эле көйгөй чоң болуп көрүнүшү мүмкүн. Балаңыз түнт болуп баштаса, жүрум-туруму өзгөрүлсө ишенимине кирип, сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Эч эле болбой жатса, чогуу ээрчишип психологдорго кайрылгыла же 111 балдар ишеним телефонуна чалыңыз.

6-кеңеш: Көп ата-эне баласына ичиндеги сезимдерин айта албайт. Эгер сиз дагы ошолордун катарына кирсеңиз, оюңузду кат аркылуу жеткириңиз. Жазуу түрүндө айтып берсеңиз, балаңыз түшүнүшү мүмкүн.

7-кеңеш: Кээ бир ата-эне баласы келип сүйлөп жатса телефон чукулап отурган болот. Сиз эч качан антпей, айтканын кунт коюп угуңуз. “Кайдагыны сүйлөбөчү” дебеңиз, айткандарын маанисиз бир нерсе катары кабыл албаңыз. Бала үчүн ар бир сөзү маанилүү экенин билиңиз. Бир кезде сиз дагы өспүрүм болгонуңузду эстеңиз.

8-кеңеш: Өспүрүм балаңыз менен ичиңиздеги сырларыңызды бөлүшүңүз. Балаңыз ошондо сизге ачылып ишене баштайт. Бирок, “мен сенин убагыңда” дебеңиз. Сиздин учурда башкача болгон, азыркы балдар таптакыр башка. Болгону, тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз, колдоо көрсөтүңүз.

9-кеңеш: Бирөө менен сүйлөшүү эң татаал нерсе. Сезимдер жөнүндө сүйлөө өтө кыйын. Балаңыз сүйлөшкүсү келбей кетип калышы мүмкүн. Сиз токтобой улантып, жакшы сүйлөй берсеңиз, балаңыз бир күнү ийиле баштайт.

10-кеңеш: Эң татаал нерсе - өзүбүздү тарбиялоо. Андыктан, өзүңүздүн үстүңүздө иштеңиз. Мисалы, балам эмне үчүн туура эмес кылып жатат эмес, мен эмнени туура эмес кылып жатам деп өзүңүздөн издеңиз. Балаңызга үлгү болуңуз. Чечилбеген көйгөй болбойт экенин билиңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт