// //

Эмне үчүн уктап жатканда кулап түшкөндөй болобуз? СОМНОЛОГГО 10 КЫЗЫКТАЙ СУРОО

2021.07.27, 19:55
2095

Уйку дарыгери, башкача айтканда, сомнолог Владимир Пакка уйку, коңурук жана түш жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жооп алдык.

Эмне үчүн жаман түш көргөндө качып кутула албайсың?

Адам түшүн башкарганды үйрөнүп алса болот.  Эгер үйрөнүп алдса, качып кете алат. Коркунучтуу түштөр көп кире бербегендиктен бизде тажрыйба жок. Эгер көп кирсе, анда тажрыйбалуу болуп калмакпыз.

Сомнолог өзү кантип уктайт?

Салкын жайда, жумшак жаздыкта жатканды жактырам. 24 эмес, 18 же 19 градуста, көмкөрөмөн жатам. Бул мен үчүн ыңгайлуу.

Аян берген түштөр барбы?

Аян берүүчү түштөр болоруна ишенем. Түш мээбиздин өткөн күнгө болгон жыйынтыгынын иш-аракети. Балким, мээ алдыда боло турган нерселерди болжолдойт. Ошол божомолдорду түш аркылуу берет. Айрымдары орундалып калат.

Лунатик адамдар коркунучтуубу?

Лунатизм үйдөгүлөргө коркунучтуу болбошу мүмкүн. Бирок, адамдын өзүнө коркунучтуу. Кулап, урунуп же терезеден чыгып кетиши мүмкүн.

Кайталанган түш эмнени билдирет?

Сериалдар кызыктуу болсо, анда ал адамдын бактысы. Рахат алуу керек. Балким, мээ бир нерсе айткысы келип, белги берип жатат. Ар бирөө үчүн өзүнүн түшү кандайдыр бир маанини берет. Эмне үчүн андай болуп жатканын ойлонуу керек.

Жерде уктаган жакшыбы?

Ортопеддер башкача сунуш бериши мүмкүн, сомнологиядан адам өзүнө карата тандашы керек. Полдо жаткан жакса, жата берсе болот. Жакпаса жатпай эле койсун дегендей.

Коңурукту айыктыруу канча турат?

Кыргызстанда мынча деп так айта албайм. Мен Россияныкын айта алам. Бишкектте 2-3 эсе арзан. Мисалы, Россияда биринчи жолу көрүнүү 8000 рубль, кайра көрүнүү 5000 рубль, толугу менне текшерилүү 20 000 рубль, коңурук тарткандарды аппарат менне текшерүү 80 000 рубль, жалпысынан 100000 рубль кетет. Бишкекте консултация 1000 – 1500 сом болот.

Эмне үчүн биз уктап жатканда кулап түшкөндөй болобуз?

Бул сезим биз уйкунун биринчи баскычынан экинчи баскычына өткөндө пайда болот. Эгер өтүп жаткан учурда ойгонбосок, анда терең уйкуга кетебиз.

Түнкүсүн туалетке баруу үчүн ойгоно берүү нормабы?

Нормада адам туалетке баруу үчүн ойгонбошу керек. Сууну көп ичип албаса эле. Туалетке барыш үчүн ойгонсо уйкунун, гормондордун бузулушу, өзгөчө коңурук тарткандар бир-эки жолу ойгонушат.

Сомнолог канча табат?

Акча жагымдуу бонус болуш керек, максат эмес. Адамдар өз ден соолугуна, мен өз кесибиме жакшылап көңүл бурушум керек. Акча алып кетип кете берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт