// //

Мени алсыздаткан негативдүү ойлордон кантип арылсам болот?

2021.07.27, 13:10
1643

Билесизби, мен негизи өзүмдү психологиялык жактан алсыздатып алдым окшойт. 1-2 жылдан азыркыга чейин мээме ар кандай негативдүү ойлор келет. Канчалык аракет кылсам дагы болбой жатат. Негативдүү ойлордун натыйжасында жашоомдо өтө чоң өзгөрүүлөр боло баштады. Алсыздай түштүм, эс тутум начарлады, ооруп калдым, эң негизгиси бир нерсеге кызыгуу жоголууда. Кантип бул абалдан чыкса болот?  Мээмди, ойлорумду кантип башкарам? Мисалы бир нерсени кылсам, мисалы, колду жууну айтайын, бир жолу колду жуусам, сыртка чыгып же кичине туруп дагы кайра жууйм. Бир нерсе мени ичимден аткар деп буйрук бергендей болот . Андай кылбасам оюмдан кетпейт, кыжалат болом, качан аткарсам токтойт. Ошентип бардык аткарган нерселерим адатка айланып, кайра-кайра аткарып калдым. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.07.2021, 13:16

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды жакшылап окуп чыктым. Бирок, сизге толук кандуу жооп берүү үчүн бир канча суроолорду берип, жагдайыңызды тактоо керек. Сиз менен баарлашмайын бир нерсе деп эч бир адис айта албайт. Менин сунушум врач психотерапевтке кайрылыңыз. Ал текшерүүлөдү жүргүзүп, сиз менен сүйлөшүп көрөт. Жыйынтыгына жараша дарылануу курсун жазып берет же психологго багыттайт. Андан кийин психологго барасыз. Баарын ордуна келтирсе болот, болгону сиз менен ачык отуруп сүйлөшүү зарыл. Убакытты созбой, врач психотерапевтке кайрылыңыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт