// //

Мен адамдар менен тил табыша албайм. Психолог жооп берет

2019.02.06, 12:50
3919

Саламатсызбы! Мен тартынчаак, жоош баламын. Адамдар менен тил табышып, сүйлөшө албайм. Мектептен дос күтө алган жокмун. Балдар мени бөлүп коюшчу. Анын үстүнө кыймыл-аракетим да кыздардыкына окшош. Мени “кызтеке” деп да шылдыңдаган күндөр болду. Мектепте жалгыз жүргөнүм аз келгенсип, үйдө да жалгыз баламын. Ата-энем менин көйгөйүмдү түшүнүшөт, бирок мүнөзүңдү оңдо деп тилдешет. Мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайга тапшырсам, башка адамдар менен таанышсам, бардыгы башкача болот деп үмүттөнгөм. Бирок аным ишке ашкан жок. 11-классты ийгиликтүү аяктадым. Бүтүрүү кечесине барган жокмун. Барганда эмне, баары бир элге аралаша албай жалгыз отурмакмын.  Борбордогу университеттердин бирине тапшырдым. Баягы мүнөзүм дале мага тоскоолдук жаратты. Группалаштарым менен бирге отуруп, көңүл ачып, шатыра-шатман жүрө албай койдум. Башкаларды көрүп эмнеге мен алардай боло албайм деп ичим ачышат.

Мен эмгиче дос таба албай жатам. Келечекте кантип үй-бүлө курам? Суранам, мага кеңеш бериңизчи?     

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун психотерапевти

Салам! Адам бааласы баарлашуусуз жашай албайт. Бул жөндөм бала кезден калыптанат. Сенде кандайдыр бир себептерден улам пикир алышуу сапатың жакшы өрчүбөй калса керек. Бирок үйрөнү эч качан кеч эмес. Мектепти мыкты аяктаганыңа караганда зирек бала экенсиң. Демек, бул нерсени акылың менен жеңип кетүү колуңан келет.  

Адамдар менен сүйлөшүүгө акырындык менен үйрөнүп баштоо зарыл. Спортсмендер күндө машыгышат го, ошолор сымал, күндө аз-аздан.  

Төмөнкү кеңештерге көңүл бур:

  • Күндө бир адам менен сүйлөшөм деген максат коюп ал. Демилгени өз колуңа ал. Жаңы тааныштарга, кишилерге ачык бол. Алгач, күндө көрүшкөн адамдар менен учураш. Группалаштарың, кошунаң, дүкөндөгү сатуучу менен.
  • Башка адамдардын пикиринен, сынынан, көз карашынан коркпо. Андан көрө чөйрөңдөгү адамдардын жашоосу тууралуу кызыгып сура, өзүңдүкү тууралуу айтып бер. Кишилерге сен жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк бер.
  • Өзүңдү башкалар менен салыштырба. Ар дайым сенден акылдуураак, же сага караганда жакшы ырдаган, же салыштырмалуу жакшы бийлеген адамдар табыла берет. Буга моюн сунуп, өзүңду ушул бойдон сыйлоого жана жакшы көрүүгө үйрөн.
  • Сырткы келбетиңе көңул бөл. Таза, тыкан жүргөн киши менен баарлашуу жагымдуу. Башыңды өйдө көтөрүп, бүкүрөйбөй түз бас. Сүйлөшкөндө көзүңдү алып качпа.
  • Жылмайганды үйрөн. Үңүрөйүп, түнт жүргөн адамдын жанына эч ким барып сүйлөшүүгө даай албайт. Ошондуктан өзүндү позитивдүү алып жүр.
  • Туура эс алганды үйрөн. Бош убактыңдын бардыгын өзүңду жемелеп өткөрбөй, медитациянын, дем алуунун түрдүү техникаларын өздөштүр. Интернетте бул тууралуу маалымат көп, менимче аларды үйрөнүп алуу сен үчүн кыйынчылык жаратпайт.

Ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт