// //

13 жаштагы жээним апасынын ич кийимдерин кийип көрөт. Бул оорубу?

2021.07.26, 12:29
1606

Саламатсызбы! Уул жээним кичинесинде капрон байпак кийчү. Ал кезде кичинекей деп маани берген эмеспиз. Ошонусу азыр деле бар экен. Учурда 13 жашта, капрон колготки, апасынын ич кийимдерин дагы бекитип кийип кайра туалетке бекитип коёт экен. Бул оорубу? Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.07.2021, 12:31

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызда бой жетип келе жаткан жээниңиздин жүрүм-туруму жөнүндө бир топ кооптонууңуз бар экен. Жазгандарыңыз "жалпы кабыл алынган рамкаларга" туура келбеген нерсени дароо  "айыктыруу" керек дегенге окшошуп дагы кетет. Бул жерде бир нече пункт абдан маанилүү. Биринчиден, жээниңиз менен баарлашуу жөнүндө аз нерсе айтылган, анын кандай адам экендиги, сизге аны менен кызыктуубу, эмнени жактырат жана жактырбайт ж.б. жөнүндө маалымат жок. 

Адамдар ар кандай болот. Өзгөчө кийим кийүү ар дайым эле оорунун жана патологиянын белгиси эмес. Кантсе да, кичинекей балдар апаларынын кийимдерин же бийик такалуу туфлилерин кийип, помадасын боеп алганда  анчалык коркпойбуз. Тескерисинче, жүрөгүбүздү элжиретет. Бул жерде кандай айырма бар? Анын тигил же бул нерсени кылганы сиз үчүн эмнени билдирет? Буларга болгон жооп сиздин коркуу сезимин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Сексуалдуулуктун өнүгүшү - бул интимдүү жана өтө индивидуалдуу процесс. Ар ким ар кандай нерсени жакшы көрөт.

Экинчиден, ал жашырынат, демек, ал кабыл албоону, четке кагылууну сезип жатат жана башкалар андан "башкача бол" деп өзгөрүүнү талап кылат. Ал эми өспүрүм курак өзүнүн индивидуалдыгынын көрүнүшү, аң-сезими, табылышы жана өнүгүшү менен байланыштуу.

Балким, анын өзүнүн суроолору бардыр, аны психолог же психотерапевт менен талкуулагысы келет, бирок сөзсүз түрдө бирөөнүн басымсыз.

Ошондуктан, эгер ага чындыгында эле жардам берип, аны менен жылуу мамилени сактап калгыңыз келсе, анда, биринчи кезекте сынап, табалабастан, аны менен түздөн-түз сүйлөшүп, жээниңизди угууга аракет кылыңыз. Ошондо анчалык тынчсызданбай каласыз жана сизди коркуткан себептер азая түшөт.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт