15 жылдан бери бала көрбөй келем. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! 15 жылдан бери бала көрбөй келем. Бир трубама бала бүтүп аны алып салышты. Ошондо экинчи трубамды ачтырсам болобу? Жол көрсөтүңүзчү, суранам.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Көбүнчө, жатын сыртына бүткөн кош бойлуулуктун себеби мурун жыныстык жол менен жуккан инфекцияларда (көбүнчө хламидиоз жана гонорея), алар жатын түтүктөрүнө да таасир этет жана андан кийин тукумсуздукка алып келет. Мындайча айтканда түтүкчөлөр ичкерип, жатын сыртына бүткөн кош бойлуулуктун коркунучун көбөйтөт. Боюңузга бүтөбү же жокпу, биротоло жооп берүү өтө кыйын, анткени тукумсуздуктун көптөгөн себептери бар жана аны билүү үчүн толук текшерүү керек. Эгерде сизде экинчи түтүкчөңүз дагы өткөргүс түтүк болсо, анда аны калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес, анткени анда өткөн сезгенүүдөн кийин түтүк ичкерип гана эмес, бүтөлүп дагы калат. Көбүнчө түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калышы ЭКОго көрсөткүч болуп саналат. Бул маселени гинеколог менен биргеликте чечүү керек. Албетте, эркекти дагы текшертүү керек экени жөнүндө унутпаңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.