Апам турмушка чыкпасам жатыным ооруп каларын айтты. Бул чынбы?
Саламатсызбы! Сураныч жооп алып бериңизчи. Мен 19 жашымда алданып калгам. Азыр 20 жаштамын. Апам "турмушка чык, болбосо маткада оору пайда болот экен" деп жатат. Менин турмушка чыккым келбей жатат. Чын эле ошондой болобу?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Албетте, жок. Бул кыргыздарда көп кездешкен мифтердин бирөөсүнө таандык. Апаңыз сизди жөн эле коркутуп жатат, бирок, айтайын жасаган жери жок. Жөн гана сизге болгон чоң сүйүүсүнүн айынан ушинтип айтты. Ар бир эне кызынын бактылуу болгонун көрүп, турмушка узатып, неберелерин эркелеткиси келет. Бул энелердин табигый каалоосу. Бирок, тилекке каршы, апалар көп учурда кыздарын укпайт, алардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн эске алышпайт. Апаңыз менен ачык отуруп сүйлөшүңүз. Тил табыша албай жатсаңар, психологго кайрылгыла.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.