Мен төрт деген бааларга окуйм. Келечекте юрист боло аламбы?
Саламатсызбы! Юрист болуу үчүн эмне кылыш керек? Мен чоңойгондо юрист болгум келет. Бирок анын бир жаман жери бар, мен "ударницамын" . Азыр баарын акча чечип калды го. Кесип тандоо абдан кыйынга турат. Кеңеш бериңизчи.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Өзүңүз жактырган кесиптин ээси болуңуз, анткени адам өзү жактырган кесибинде мыкты ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Ал эми юрист болуу үчүн бул багытта кызыгууңуз болуусу керек жана юридикалык окуу жайга тапшырып окуу программаларын, өтүлчү придметтерди мыкты өздөштүрүп, окууну аякташыңыз керек. Теориялык жана практикалык жактан талыкпастан аракет кылуу зарыл жана өзүңүзгө жогору багыттарга жетүүнү пландаңыз. Эгерде сиз акча чечет деген ойдо болсоңуз бул туура эмес. Анткени мыкты юристке талап көп, эгерде өз кесибиңизде талыкпай эмгектенсениз жана өз ишиңизде принципиалдуу түрдө коррупцияга каршы иштесеңиз, баалуу юрист болосуз.