Жыныстык катнаштан бир дагы жолу ырахат алган эмесмин. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин жашым 32де. Жыныстык жашоомду 14 жашымда баштагам, бирок секстен эч кандай ырахат же оргазм алалбайм. Медициналык клиникаларга бир нече жолу кайрылганмын. Жыйынтыгы жакшы, эч кандай ооруулар же психологиялык жактан кыйынчылыктар жок. Жубайым менен кошулам, жубайымдан эч кандай наразычылыктар жок. Секс кадимкидей эле, уругум түшөт бирок эч кандай ырахат албайм жана секстен кантип ырахат аларын түшүнбөйм. Кантип секстен ырахат алса болот?
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатсызбы! Адам ушундай кызыктуу жан дейсиңер, ар кандай түрдөгү ырахат алуусу, анын ичинде сексуалдык ырахат, ал чындыгында каалаган нерседен канчалык канааттанганына же канааттанбагандыгына жараша болот.
Абалыңызды жакшылап түшүнүү үчүн бул суроолорго жооп бериңиз: эмне үчүн жыныстык катнашка барасыз? Тукум улоо үчүнбү? Аялыңыз башка бирөөнү таап кетпеши үчүнбү? Сексуалдык чыңалуудан арылуу үчүнбү? Же башка себептерден улам, мисалы, жакындыкка умтулуу, денеңизге тийгенде жагымдуу сезимдер ж.б.
Өзүңүзгө калп айтпастан чын дилиңизден жооп берсеңиз, каалоолоруңузду жана алардын канчалык деңгээлде канааттандырылып жатканын түшүнө аласыз. Сексуалдык ырахат адамдын канчалык деңгээлде канааттанганынан көз каранды.
Ошондой эле, сексуалдык ырахаттын жоктугу кээ бир психологиялык бузулуулардан кабар бериши мүмкүн. Мисалы, психологиялык жана сексуалдык мүнөздөгү жаракаттан кийин, эмоциялар жана дененин сезимталдыгы төмөндөшү мүмкүн. 14 жашыңызды жыныстык жашоону баштапсыз. Бул жерди дагы жакшылап изилдөө керек, балким өзүңүз аңдабаганыңыз менен психологиялык травмалар бар.
Депрессиялык эпизоддун симптому - ырахатты жоготуу. Сөзсүз психотерапевттин консультациясы талап кылынат.
Жыныстык катнаштан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү табигый процесс. Эгерде эч кандай мүчүлүштүктөр жок болсо, анда ал швейцариялык сааттардай так иштейт. Бузулуулар болсо жана аны жоюп койсо, анда жыныстык катнаштан ырахат алуу өзүнүн табигый көрүнүшүнө кайтып келет.
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.