// //

Турак жай кооперативдерине ишенүүгө болобу? Юристтен жооп

2021.07.07, 10:19
1034

Саламатсызбы! Жаңыдан келип жаткан турак жай кооперативдерине ишенүүгө болобу? Кийин алдамчылыктын курманы болуп калбайбызбы? Булардын үстүнө көзөмөлдөгөн органдар барбы? Юристтен кеңеш алып бериңизчи.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.07.2021, 10:40

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Кооперативге ишенип, ишенбөө ар бир адамдын өзүнүн тандоосу. 

Кооперативдерди тандоодо төмөнкү суроолорго жообуңуз болушу керек: 

- Сизге убада берип жаткан адам кайсы кооперативге мүчө?

Ал Кыргызстанда мыйзамдуу иш алып барабы? 

- Каттоосу барбы? 

- Салык төлөйбү? 

- Бюджети кандай?

- Кимге канча үй берди? 

- Кандай жыйынтыктарды көрсөттү? 

- Ал кооперативге нааразы болгондор жокпу? 

- Курулуш иштери жүрүп жаткан объектилери барбы? 

- Ал объектилердин документтери барбы? ж.б 

Чынында кооперативдердин документтерин көбөй, алар жөнүндө билбей туруп ишениңиз же ишенбеңиз деп кеңеш бере албайм. Кеңешим жаңыдан ишин баштап жаткан турак жай кооперативдерине эмес, көптөн бери иштеп келе жатканын тандаңыз. Кандай жыйынтыктарга жетишкендиктерин байкаңыз. Тааныштардан сураштырыңыз, алар жөнүндө көп маалымат топтогонго аракет жасаңыз. Мындай учурда шашылыш чечим чыгаруудан алыс болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт