// //

Кайын энем: "Мен да күйөөмдүн байпагын жуугам, сен да жууйсуң!"

2019.02.01, 21:06
16768

Күйөөсүнүн байпагын жуугусу келбегенин айтып редакциябызга кайрылган келиндин баяны.

23 жаштамын. Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Кайын журтум менен бирге турабыз. Күйөөм карапайым үй-бүлөнүн баласы (өзүм бардар үй-бүлөнүн кызымын). Мен үчүн бул маанилүү эмес, себеби аны сүйөм. 

Үйдө кир жуучу машина жок. Кирлерди колго жууйм. Айтайын дегеним, күйөөмдүн, кайын энемдин, ага кошуп кайын атамдын байпактарын, ич кийимдерин жууй берип тажадым. Жийиркенип, кускум келет.

Бир жолу күйөөмө "байпагыңды өзүң жуу",- деп жатсам, кайын энем угуп калыптыр. Жаныма келип, "Эч нерсе болбойт, мен да убагында кайын атаңдын байпагын жуугам, сен да күйөөңдүн байпагын жууйсуң!", - деди.

Аларды таарынткым келбейт. Бирок, "Ич кийимиңерди өзүңөр жуугула",- деп кантип айтсам болот? Кеңеш бериңизчи.

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум! Турмушка чыккандан кийин өзүнүн жоопкерчиликтери бар келинге айланасың.

Салтыбызга, менталитетибизге ылайык - үй иштерин келин кылат. Жасагың келбесе уруш-талаш болот, кээде ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Көптөгөн үй-бүлөлөр ушинтип бузулат. 

Кайын энең тил алган келин алгысы келип, күйөөңдү оолуктура баштайт. 

Сен иштейсиңби же жокпу жазбапсың. Эгер үйдө олтурсаң, башка үй-бүлө мүчөлөрү иштесе, албетте, бардык милдет сага жүктөлөт. Иштесең, жардам керек болуп жатканын айтып, сүйлөшүүгө аракет кылып көр.

Айтканыңдай болобу же жокпу, кайын энеңден көз каранды. Үйдүн кожейкеси ал, өзүнүн мыйзамдары бар, силер анын үйүндө жашап жатасыңар. Күйөөңдүн ата-энеси менен жашаганга макул болгондон кийин, кайын энеңдин лидерлик ролуна да макул болосуң.

Кайын энеңди өзгөртө албайсың. 

Эмне кылуу керек? Насыяга кир жуучу машина сатып алуу сунушун киргиз. Же сенин туугандарың сатып беришсин, биринчи кезекте ал сага керек. Анан ич кийимдерди, байпактарды кир жуучу машинага салып коесуң. 

Акырындык менен өзгөрүү болот деп ишенем.

Салт-санаалар жакшы, бирок 21-кылымга ылайыкташы керек. 

Сага ийгилик каалайм! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
22.10.2019, 22:56

Эч нерсе болбойт жуусан кийин сенин Калинин да сенин ич кийимдеринди жука берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт