// //

Аборттун ден соолукка тийгизген 3 чоң кесепетттери

2021.06.24, 11:42
4343

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова аборттун ден соолукка тийгизген кесепеттерин үч чоң топко бөлүп, ар бирөөсүнө кененирээк токтоло кетти.

1. Бойдан алдырып жаткан учурда тийгизген кесепети

Аборт жасоонун эки түрү бар: дары-дармек менен жана хирургиялык. Эгер дары-дармектин жардамы менен боюнан түшүрүп жаткан болсо, кандын көп кетип же түйүлдүктүн толук түшпөй калуу коркунучтарына дуушар болушу мүмкүн. Хирургиялык жолдо (шприцтин жардамы менен сордуруп алынат) жогорку айткандарга кошумча жатындын өзү же моюнчасы майда жараткаттарга кабылышы ыктымал.

2. Бойдон алдырары менен пайда болгон кесепеттер

Бойдон алдыргандан кийин жыныс органдары сезгенет. Бул өтүшүп кетсе жамбаш (таз) органдарынын ириңдеп кетүүсүнө чейин алып келет. Эң көп кездешкени: эндометрит, сальпингит жана оофориттер. Ошондой эле түйүлдүк толук түшпөй калса, эндометрияда полиптер пайда болот.

3. Бир нече убакыт, жыл өткөндөн кийин пайда болгон кесепеттер

Алгач эле көбөйүү системасына терс таасирин берет: жатын түтүкчөлөрдүн бүтөлүп калуусу, жатын ичинде пайда болгон спайкалардын негизинде келип чыккан тукумсуздук, этек кирдин көп, аз же таптакыр келбей калуусу, гормоналдык бузулуулар, кийинки кош бойлуулуктарда баланы көтөрө албоо ж.б. Ошондой эле көп аборт жасаткан айымдарда миома, гиперплазия, аденомиоз, эмчек бездеринин оорулары ж.б. кездешет.

Кийинки төрөт учурунда кандын көп кетип калуусу, толгоонун алсыздыгы, баланын ара төрөлүп калуусу, кош бойлуу учурунда бойдон түшүп калуу коркучу сыяктуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн.

Аборт жасоо ошол эле учурда жалпы организмге зыян келтирген ооруларга чалдыктырат: кан тамыр жана жүрөк оорулары, нерв жана эндокриндик системалардын оорулары, эмчек бездеринин залалдуу оорулары, ашыкча салмактуулук ж.б.

Аборт жасаткандан кийин кайра боюңа бүтпөй калабы?

Көпчүлүк айымдар, өзгөчө жаш кыздар бул суроону узатышат. Аборт жасаткандан кийин 15-20% бойго бүтүрүүдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Мисалы, 100 айым бойдон алдырса, алардын 15-20сында тукумсуздук болушу мүмкүн. Өзгөчө абортту бирден көп жолу жасаткандарда тобокелдиктер жогору. Ал эми дарыгердин айткандарын жасабай, кайдыгер мамиле кылып койгондордо көп таталдашуулар пайда болот.

Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгула!

Бүгүнкү күндө көпчүлүк айымдар абортту контрацептивдик максатта колдонуп жатышканы өкүндүрөт. Бул туура эмес, анын ордуна бойго бүтүрбөөчү каражаттарды, ошол эле презервативди колдонуу керек. Аборт жасата турган болгондо медициналык мекемелерге кайрылып, дарыгердин сунуштарын, жазып берген дарыларын ичип, баарын так аткарганга аракет кылуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт