Атам менен апамдын урушунан тажадым. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жашым 20да. Экинчи курстун студентимин. Азыркы учурда абдан кыйналып турган кезим. Атам ГЭСте иштечү. Боор оорусу менен ооруп, беш жылдан бери иштебей калды. Учурда үйдө. Апам кийим сатчу. Жакында кан басымы көтөрүлүп, инсульт болуп кала жаздады. Апам дагы иштебей калды. Апам эле бизди багып жаткан экен, ичсин, кийсин балдарым жесин деп. Мен акчамды үйдөгүлөргө берейин десем такыр жетпейт, окуума дагы артпай калат. Атам аябай кыжыңдай берет. Апамы кызгана берет. Апам актанат. Ушулардын урушунун айынан үйдө тынчтык жок. Аябай тажап кеттик. Эмне кылышты деле билбей калдык. Ажырашкыла дейин десек улгайган эле адамдар. Биз да жакырчылыктын айынан жылда ар жерде иштеп жүрөбүз. Элге окшоп деле түрлөп кийинбейбиз. Бирок, албетте алдыга койгон пландарым чоң. Мага сизден кеңешиниз керек.
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Үй-бүлөңүздө мындай кырдаал орун алганы абдан өкүнүчтүү.Ошентсе дагы, мен сиздин билим алууга жана эмгекке болгон умтулууңузду колдогум келет. Мындай аракет менен кете берсеңиз, келечегиңиз көптү үмүттөндүрөт. Ата-энеңизге көз чаптырбай эле коюңуз. Алар өз жашоосун өздөрү тандады (атайылап же каалабаса дагы тандоо жасашты). Сиз мындан ары алдыга гана умтулуңуз, билим алыңыз, талыкпай эмгектениңиз, ошондо горизонтуңуз кеңейет, мен буга ишенем. Жолду баскан арбытат!
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.