// //

Кыздардын төшү өспөй калса, эркек баланыкы өсөт. Гипогонадизм оорусу тууралуу

2021.06.14, 10:04
2326

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова жана медицина илимдеринин кандидаты, уролог Болот Рысбаев балдардагы гипогонадизм тууралуу кененирээк айтып берет.

Гипогонадизм деген эмне?

Гипогонадизм жыныс бездери жыныстык гормондорду аз же таптакыр иштеп чыкпай калганда пайда болот. Жыныс бездери - бул эркектердеги урук бези, аялдардагы энелик бездери.

Жыныстык гормондор аялдардагы эмчектин өрчүшү, эркектердеги урук безинин өсүшү сыяктуу нерселерге жардам берет, этек кир циклинде жана сперматозоиддердин пайда болушунда чоң роль ойнойт.

Гипогонадизмдин кандай түрлөрү бар?

Гипогонадизмдин эки түрү бар: баштапкы жана экинчи.

Баштапкы гипогонадизм жыныс безиндеги көйгөйлөрдөн улам денеде жыныстык гормондор жетишсиз экендигин билдирет.

Экинчи түрүндө көйгөй мээде жатат. Жыныс бездерин көзөмөлдөгөн гипоталамус жана гипофиз бези жакшы иштебей калат.

Гипогонадизмдин себептери?

Баштапкы гипогонадизмдин себептерине төмөнкүлөр кирет:

  • аутоиммундук оорулар
  • генетикалык оорулар - Шерешевский-Тернер (кыздарда) жана Клайнфелтер (балдарда) синдрому
  • катуу инфекциялар, айрыкча урук безин жабыркаткан паротит
  • боор жана бөйрөк оорулары
  • ордуна түшпөгөн урук бездери (эркек балдарда)
  • жыныс органдарынын жаракаты
  • туубаса гипоплазия, энеде кош бойлуу кезинде белгилүү бир көйгөйлөр болгон
  • инфекциялар
  • поликистоздук энелик бездин синдрому ж.б.

Экинчи түрүндө төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн:

  • Каллман синдрому сыяктуу генетикалык бузулуулар
  • инфекциялар
  • гипофиз безинин бузулушу
  • сезгенүү оорулары
  • семирүү
  • бат арыктоо
  • гипофиздин же гипоталамустун жабыркашы
  • гипофиз безиндеги же анын жанындагы шишик ж.б.

Гипогонадизмдин белгилери кандай?

Кыздарда пайда болушу мүмкүн болгон белгилерге төмөнкүлөр кирет:

  • этек кир циклы бузулат
  • айызы такыр эле келбейт
  • эмчектери жай өсөт же өспөйт
  • ички жыныс органдарынын өнүкпөйт
  • жыныстык каалоосу жок ж.б.

Эркек балдарда пайда болушу мүмкүн болгон белгилерге төмөнкүлөр кирет:

  • эмчектери өсөт
  • белдеринде май топтолот
  • үнү ичкерет
  • жыныс мүчөсү өспөйт, узундугу кичинекей болот
  • эректилдик дисфункцияга чалдыгат
  • жыныстык каалоо төмөн же такыр эле жок болот
  • тукумсуздукка чалдыгат ж.б.

Гипогонадизмге кантип диагноз коюлат?

Дарыгер баланын жыныстык өнүгүүсү жаш курагына ылайыктуубу же жокпу тастыктоо үчүн толук текшерип чыгат. Эгер гипогонадизм бар деп шектенсе, анда алгач жыныс гормонунун деңгээлин текшерет. Бул учурда кан анализи талап кылат. Эгер кыз болсо, анда эстрогендин деңгээлин текшерүү керек болот. Эгер эркек болсо, анда тестостерондун деңгээлин текшерүү керек болот. Диагнозду тастыктоо жана анын негизги себептерин жокко чыгаруу үчүн кошумча кан анализдерин тапшыртышы мүмкүн. Жыйынтыгына жараша дарылоо курсун жазып берилет, ар бирөөнө индивидуалдуу.  

Ата-энеге кеңеш

Баланы убагында текшерип, жакшылап көз салып тургула. Жетилүүсү нормадабы же жокпу билүү үчүн профилактика үчүн дарыгерге алып баргыла. Оорубаса эле баары жакшы деп ойлогон туура эмес. Баланын ден соолугу, келечек жашоосу үчүн жоопкерчиликтүү болгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт