// //

ЖРТ сертификаты эки жылга жарайбы? Адис жооп берет

2019.01.31, 13:55
4330

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева окурмандардын ЖРТ тууралуу суроолоруна жооп берди. 


 9-классты бүткөндөр ЖРТ тапшыра алабы?

ЖРТга атесттаты же орто кесиптик диплому бар жарандар гана катыша алат. Күчүн сынап көргүсү келген 9-10-класстын окуучулары үчүн сайтыбызда өзүнчө сынак тесттери бар.

Жогорку окуу жайда окуп жаткан студент ЖРТ тапшыра албайт!

 ЖРТнын жыйынтыгы 2 жылга жарайбы?

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча берилген сертификаттын жарамдуу мөөнөтү бир жыл.

ЖРТ тапшырып коюп аскерге кеткен жарандардын сертификаты 2 жылга жарактуу.

 ЖРТга даярдаган курстарга ишенсе болобу?

Учурда ЖРТга даярдаган курстар көп. Бирок, алардын материалдары ЖРТга дал келбейт, көбү интернеттен алынган. Тестке өз алдынча эле даярдансаңар болот. Биздин сайтта видеосабактар, онлайн тесттер, колдонмолор бар. Баары акысыз.

Эскертүү! Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТга даярдаган курстарды өткөрбөйт, башка курстар менен кызматташпайт!

 ЖРТга катталып, бирок түрдүү себептер менен ага катыша албай калса эмне болот?

Жүйөөлүү себептерден улам (ооруп калса, чет өлкөгө мелдешке кетсе ж.б) май айында өтчү негизги тестке катыша албай калган жарандарга, июнда дагы бир мүмкүнчүлүк берилет.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору

Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90-2

Телефону: 0312 66-48-38

Электрондук почтасы: ceatm@ceatm.elcat.kg

Сайты: www.testing.kg
 
Социалдык тармактагы баракчалары: Instagram, Facebook.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт