Цитомегаловирус менен төрөсөм балам майып болуп калабы?
Саламатсызбы! Менин азыр 8-9 жума боюмда болуш керек эле. Мындан 2 жума мурун УЗИге баргам. Дарыгер баары жайында, эки жумадан кийин келесиң деген болчу. 7-июнда врачка барып УЗИге түшсөм жүрөгү сокпой жатканын, бала өспөй 5-6 жума бойдон турганын айтты. Бир жума күтүп, өспөй калса алып салабыз дешти. Мазоктон инфекциянын 4 түрүнө анализ тапшыргам, үчөө терс, бирөө оң чыкты, оң чыкканы цитомегаловирус экен. Аны дарыгер олуттуу вирус, баланы өстүрбөйт, өстүрсө дагы майып болуп калышы мүмкүн экенин айтты. Ушундай вирус жөнүндө маалымат бере аласызбы? Көптөн күткөн балам эле.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул тууралуу интернетте гана эмес, дарыгерлер арасында дагы талаш-тартыштар көп. Ошондуктан, бул вируска туш болгондорго кыйын эле.
⠀
Цитомегаловирустун белгилери жок. Суу тийүү сыяктуу болуп өтүшү мүмкүн. Мисалы: температура, алсыздык, баш оору, тамак оору.
⠀
Эгерде вирус кош бойлуулуктун пландаштыруу мезгилинде кандан Ig G өнөкөт формасында табылса, анда тынчсызданбай эле койсоңуз болот.
Кош бойлуулук учурунда табылса, ага кошумча түшүнүксүз ОРВИ болгон болсо, анда канды текшерүүгө алып, организм качан бул вируска туш болгонун аныктоо керек. Авиддүүлүк жогору болсо - бардыгы өз ордунда. Төмөн болсо - жакын арада вирус менен ооругансыз.
⠀
Түйүлдүктө инфекция барбы же жокпу амниоцентез жасагандан кийин аныкталат. Процедура 20-21 жумадан кийин жүргүзүлөт. Бул инвазиялык ыкма болгондуктан тобокелчиликтер бар.
⠀
Тилекке каршы, конкреттүү дарылоо жок. Ал ар бир учурга индивидуалдуу мамиле жасалат.
Мындан тышкары, дагы башка себептер болушу мүмкүн деп айта алабыз: тромбофилия, АФС синдрому, лютеин фазасынын жетишсиздиги ж.б.
Тазалангандан кийин, материал гистологияга жөнөтүлсө, анда эмне үчүн ымыркайдын өсүшү токтогонун так айтууга болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.