Атам каза болуп калды. Университетти бүткөнчө мага жөлөкпул төлөнүп берилеби?
Саламатсызбы! Мен университетте студентмин. Ата-энем пенсионер болчу. Окуудан тышкары иштегенге убактым дээрлик жок. Ата-энемдин пенсиясына жана бир аз тапкан акчанын негизинде шаарда окучумун. Атам каза болуп калды. Апамдын 6000 пенсиясы айылдагы жашоосуна араң жетет. Окууму улантканга шартым жок. Ошого атасы өлгөндөн кийин университетти бүткөнчө жөлөкпул берилет дегенин уктум. Аны алуунун шарттары жана талаптары кандай? Окууну бүткөнгө чейин береби же ал 18 жашка чейин элеби? Кайда, кайсы документтер менен кайрылсам болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, ата-энесинин бирөөсү же экөө тең каза болгон учурларда, үй-бүлөнүн кирешесин эске албастан туруп багуучусунан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпулдар чектелет. Бала 18ге толгонго чейин, же болбосо жогорку окуу жайларда окуса 23кө чыкканча мамлекет тарабанын колдоо максатында, бир багуучусунан ажыраса 1000 сом, эки багуучусунан тең ажыраса 2000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул дайындалат.
Багуучусу убагында иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, ал каза болгондон кийин балдары социалдык фонд тарабынан пенсия алат. Эгерде багуучусу эч жерде иштебесе, ал каза болгондон кийин балдарына Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан жөлөкпул берилет.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.