// //

Этек кирдин оорутуп келүүсү нормабы же жокпу? Гинеколог айтып берет

2021.06.03, 14:24
3126

“Баарыныкы ошентип ооруп келет”, “биздики деле кан көп аккан”, “калп эле ыйлактай бербечи”, “өтүп кетет чыдап кой” ж.б. Айтылуу сөздөрдүн баары жалган. Нормада этек кир оорубай келет. Кененирээк гинеколог-эндокринолог Светлана Коздрович айтып берет.

Этек кир оорутуп келбеши керек

Этек кир учурунда кандайдыр бир дискомфорт сезишибиз мүмкүн, мисалы, курсактын асты, бел тараптан. Бирок, ал нормалдуу жашаганга тоскоол болбошу керек.

Оорутуу менен коштолгон айыз нормалдуу эмес.

Мындай учурлар көбөйүп кеткендиктен, көп кыздар аны норма катары кабыл алып жатышат. Бул чоң жаңылыштык. Дагы бир жолу айтам, этек кир оорутуп келбейт. Оорутуп келдиби, демек, олуттуу бир көйгөй бар. Анын себебин таап жок кылуу керек. Бул үчүн дарыгерге барууга туура келет.

Нормада этек кир эң көп дегенде 7 күнгө созулат

Нормалдуу менструалдык цикл 21ден 38 күнгө чейин, этек кир эки-үч же жети күнгө созулат. Күнүнө максималдуу дегенде 60 мл кан келиши керек. Көлөмүн колдонулган прокладкалардын санына карап эсептейбиз. Таңгагында 3 тамчы көрсөтүлгөн прокладкалар болсо, анда алардын көлөмү 9-12 мл канга ылайыкталган. Күнүнө ушундай прокладкалардан 4-5 алмаштырса (толугу менен толтуруп), 60 мл кан болуп саналат дагы, нормага туура келген болот. Эгер ар бир 2 же 3 саатта толуп калып, улам-улам алмаштырууга туура келсе, анда дарыгерге көрүнүү керек, кан агуунун белгиси болушу мүмкүн.

Баса, түнкүсүн уктап жатканда бир жолу прокладка которсо норма, андан көп болсо, дарыгерге баруу зарыл.

Чоң өлчөмдөгү уюган кандын келиши кооптуу

Нормада этек кир “выделение” жок дароо келип, “выделение” жок дароо бүтүшү керек. Уюп калган кандын келиши боюнча, тырмактын өлчөмүндөй болгон болсо анда нормалдуу эле. Эгер өлчөмү чоң болсо, гинекологго кайрылуу керек.

Эндометриоз боюнча

Этек кир оорутуп келгенде жатын карышып, кандын сыртка чыгуусуна тоскоол болот. Бул учурда бөлүнүп чыккан эндометрия клеткалары кан менен аларга тийиштүү эмес жерге агып барып, ал жерге кирип өсө баштайт. Бул нерсени алманын курту менен салыштырса болот, ал алмага кирип аны жеген сыяктуу. Айтылуу клеткалар жатынды гана эмес, башка органдарга дагы зыян келтириши мүмкүн.

Эндометриоздун негизги белгилери: этек кирдин оорутуп келүүсү, жыныстык катнашта оорутуу, кочкул күрөң түстөгү “выделение”.

Эндометриоздон толугу менен сакаю мүмкүн эмес

Эндометриоз гормондон көз каранды болгон оору. Аны гормоналдык препараттар менен гана дарылайт. Тилекке каршы, толугу менен дарылоо мүмкүн эмес. Убагында текшерилип, дары ичип, бир калыпта кармап турбаса, өтүшүп кетип тукумсуздукка чейин алып келет. Ошондуктан ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт