Тоодо жашаган жигитке турмушка чыксам кыйналып каламбы?
Саламатсызбы! Жашым 21де. Ушул жылы турмушка чыгайын деп жатам. Сүйлөшкөн жигитим эң кичүүсү, тоодон болот. Үч эжем бар. Үчөө тең бөлүнө турган жигиттерге турмушка чыгышып, азыр өз алдынча жашашат. Жигитимдин атасы жок, апасы менен эле тоодо жашайт. Эжемдер "тоодо жашоо кыйын, мал карайсың" деп жатышат. Мен жигитимди жакшы көрөм, ал дагы мени. Быйыл той кылып үйлөнөлү деп жатканбыз. Эми кимисин угууну билбей калдым. Тоодо жашоо ушунчалык кыйынбы? Өзүм эрке кызмын, Бишкекте окугам. Эжемдер "сен ал жакта жашай албайсың, тың кыздар керек, колуңан эмне келмек эле" дейт. Апам болсо өзүң тандаган адамыңа тиесиң дейт. Эмне кылууну билбей калдым.
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Ал жигитке болгон сезимдериңиз бар, эч кимди укпастан аны тандай аласыз. Ошол эле учурда, бой жеткен адам катары, жашай турган жериңиздин шарттарын эске алышыңыз керек. Кээ бир кыздар үчүн кайнене менен чогуу жашоо жана тоодо тийиштүү жайлуулуктун жоктугу жигиттен баш тартууга жетиштүү себеп боло алат.
Эгерде ал жигитке болгон сүйүүңүз үчүн күнүмдүк кыйынчылыктарга даяр болсоңуз, анда турмушка чыга бериңиз. Сиз чоң адамсыз жана эмне кылууну өзүңүз чечесиз.
Бирок, бир нерсени айта кетейин. Үйдүн кичүүсү болгон балдарга чоңдор кеңеш берип, андай эмес, мындай кыл деген учурлар кездешпей койбойт. Кээде үйдүн кичүүлөрү “колуңдан эмне келет” деген сыяктуу сөздөргө теригип, ичинде бунт пайда болот. Жыйынтыгында, өз каалоосу менен эмес, бирөөгө колунан келээрин тастыкташ үчүн кандайдыр бир иштерге барат.
Менин сизге кеңешим, алгач ичиңиздеги сезимдери тактап алыңыз. Жигитиңизге өз каалооңуз менен турмушка чыгып жатасызбы же эжелериңизге бир нерсени тастыктагыңыз келгени үчүнбү аныктаңыз. Жакшылап ойлонууга убакыт алыңыз, эч шашпаңыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.