// //

Университет тандап жатканда эмнесине көңүл буруу керек? Адис жооп берет

2021.05.24, 16:39
1400

Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин кабыл алуу комиссиясынын адиси Аида Борубаева түз эфирибизде конокто болуп, университет тандап жатканда эмнесине көңүл буруу керектигин айтып берди.

Университет тандап жатканда эмнесине көңүл буруу керек?

Алгач кесипти тандап алуу керек. Мисалы, келечекте медицина кызматкери болууну чечтиңиз дейли. Бул кесип кайсы окуу жайда бар экенин издейсиз. Эң аз дегенде 10-15 университеттин тизмесин түзүңүз. Эми ар бирөө жөнүндө маалымат чогултуңуз: билим берүү сапаты, мугалимдеринин эмгек тажрыйбасы, окуу акысы, окутуу тили, китептери жетиштүүбү, экзамендеринин шарттары ж.б.  Бул маалыматтардын баарын ачык эшик күндөрүнөн, жеке сайттарынан, бүтүрүүчүлөрүнөн, билим жарманкелеринен, социалдык тармактарынан топтосоңуз болот. Жыйынтыгында жанагы 10-15 университеттин 4-5и калат.

Университет тандап жатканда статусуна көңүл буруу керекпи?

Бизге келген көп студенттер ТОПко киреби деп сурашат. Бул туура деп ойлойм.  Кыргызстандагы окуу жайлар мамлекеттик жана жеке деп бөлүнөт. Ошолордун арасынан ТОП үчкө же бешке киреби карап коюңуз. 

Универститеттин сырткы көрүнүшү окуу сапатынын көрсөткүчүбү?

Колдон келишинче ар бир студентке шарт түзүп берүү керек. Мисалы, элементардуу эле нерсени алалы, лабороториялар жок болсо, толук кандуу билим алууга тоскоол болот. Студенттер бош убактысын кайда өткөрөт, айталы, жатаканасы, тамактануу же эс алуу жайлары барбы дегендей. Ушул шарттардын баары эске алынса абдан жакшы. 

Мамлекеттик университетке тапшырсаң жумуш табуу оңой болобу?

Мамлекеттик болобу же жеке окуу жайбы айырмасы жок, жумуш берүүчү сизден эки нерсени гана сурайт: тажрыйба жана канча тил билесиң. Демек,  ушул эки суроого жооп болуш керек. 

Контрагы көп болсо, демек, жакшы окутабы?

Кандайдыр бир деңгээлде ооба десек болот. Окуу акысы көп болсо, сапат жагына дагы жакшы көңүл бурулушу мүмкүн. Төлөнүп жаткан акы менен университеттердин бардык шарты дал келсе абдан жакшы. Бул жерден байкап көрүү керек.

Эл аралык "Ала-Тоо" университети башкалардан эмнеси менен айырмалант?

Абитуренттер босогобузду аттаары менен атмосферасына суктанышат. Себеби биз бир үй-бүлө сыяктуубуз, бири-бирибизге кеңеш берип, жардамыбызды аябайбыз. Бул нерсе дароо сезилип турат. Билим берүүбүз англис тилинде. Мыкты студенттерибизди чет өлкөгө жиберүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мугалимдерибиздин көбү чет өлкөдөн келген жарандар. 

Кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот:⠀

@alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg

?0555 820000 (W/App),
?info@alatoo.edu.kg,
?www.alatoo.edu.kg

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт